«Сөз жасоо тиби дегенибиз – туунду сөздөрдүн айрым- айрым топторго бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берген формалдык- семантикалык түзүлүш схемасы (формуласы)» деп жазат С. Давлетов1. Бул деген бир типте жасалган сөздөрдүн негиздери бир түркүмдө болуп, бардыгынын курандысы бир эле куранды дегендик болуп саналат. Мисалы: сынык, чирик, жарык, жабык, бузук, өсүк деген сөздөрдүн уңгулары (сын-, чири-, жары-, жап-, буз-, өс-) бир түркүмдөгү сөздөр, бардыгы этиштер, ал эми булардан бир эле куранды мүчө (-ык) жаңы сөз жаратып жатат, натыйжада бул сөздөр бир эле лексика- грамматикалык жалпылыкта турат, башкача айтканда, жасалган сөздөрдүн бардыгы зат атоочтор. Демек, бул сөздөр - бир типте жасалган сөздөр.
Дагы бир мисал келтирели: байла-, сүйлө-, сыйла-, ыйла- деген туунду сөздөр да сөз жасоонун бирдей тиби менен жасалган. Анткени, негиздери (боо, сөз, сый, ый) - зат атоочтор, бардыгында тең бир эле куранды (-ла) катышып турат, натыйжада жасалган жаңы сөздөрдүн бардыгы этиштер.
Келтирилген мисалдарды С. Давлетов жазгандай кылып схемага келтирсек, төмөндөгүдөй болот.
Биринчи мисал
этиштик негиздер + куранды -ык = атооч сөздөр
Экинчи мисал
атооч негиздер + куранды -ла = этиш сөздөр
Ошентип, сөз жасоонун тиби үчүн төмөнкүдөй жалпылыктардын болушу шарт:
- жасала турган сөздөрдүн негиздеринин бирдей сөз түркүмүндө турушу;
- негиз менен жаңыдан жасалган сөздүн ортосунда маанилик жалпылыктын болушу, башкача айтканда, жаңы сөздүн маанисинин негиз берген маани менен байланышып турушу;
- жаңыдан жасалган сөздөрдөгү сөз жасоо маанисинин бирдей болушу;
- жаңыдан жасалган сөздөрдү алардын негиздеринен айырмалоочу грамматикалык каражаттардын (курандылардын) бирдей болушу;
- жаңыдан жасалган сөздөрдүн бирдей сөз түркүмүндө болушу.
Мисалы: оймо, чийме, сүзмө, түймө, сайма, кырма деген сөздөрдүн жасалышы бир типте болду, анткени, буларда жогорудагы беш шарт сакталып турат.
- бардыгынын негиздери(ой-, чий-, сүз-, түй-, сай-, кыр-)
бирдей сөз түркүмүндө (этиш) турат;
- жасалган сөздөрдүн мааниси негиздердин мааниси менен байланышат: ой- оймо, чий- чийме, сүз- сүзмө, түй- түймө, сай- сайма, кыр- кырма;
- жасалган сөздөрдүн сөз жасоо мааниси бирдей -
«негиздин маанисинин натыйжасы катары туюндурулган зат» деген маани бардыгына таандык;
- жасалган сөздөрдү алардын негиздеринен -ма курандысы, бир эле каражат айырмалап турат, башкача айтканда, бул сөздөрдүн бардыгы бир куранды менен жасалган;
- жаңыдан жасалган сөздөр бирдей сөз түркүмүндө турат, бардыгы – зат атоочтор.
1 Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: морфология. Фрунзе, 1980. 25-6.