Сын атооч сөздөр дайыма аныктагыч болуп, аны менен айкашып турган зат атоочтор аныкталгычтар болушат. Сүйлөм тизмегинде кээде аныкталгыч сөз түшүп да кала берет. Мындай учурда сын атооч сөз аныкталгычтын ордуна колдонулуп, анын грамматикалык маанилерин да өзүнө кабыл алат. Мисалы: Мыкты студенттердин берген жооптору бизди ыраазы кылат. Бул жерде мыкты деген сын атооч студенттердин деген зат атоочту аныктап турат. Зат атоочтун мыкты экендиги аныкталды. Ушул эле сүйлөм студенттердин деген зат атоочтун түшүрүлүшү менен да айтыла берет: Мыктылардын берген жооптору бизди ыраазы кылат. Аныкталгыч сөз (студенттердин) түшүп калды эле, анын грамматикалык каражаттарын (көптүк сандын -лар, илик жөндөмөсүнүн -нын мүчөлөрүн) аныктагыч сөз (мыкты деген сын атооч) өзүнө кабыл алып айтылып жатат. Башкача айтканда, сын атооч зат атооч сөздүн маанисинде колдонулду.
Ошентип, сын атооч заттанып кетет да, зат атоочтун категориялары боюнча өзгөрө берет. Мындай учурда сын атоочтор жөндөлөт, таандык мүчөлөрдү кабыл алат, адамзаттык мааниде келсе жакталат, көптүк сан көрсөткүчүн да кабыл ала берет.
Ошентип, заттык мааниде колдонулган сын атоочтордун өзгөрүшү төмөндөгүдөй болот.
- Заттанган сын атоочтор жакчыл таандык мүчөлөрдү да, жалпы таандык мүчөнү да кабыл ала берет: Бир кездеги жароокер ырысташым Шайыргүлдүн атын булгагым келбеди. (Т.Абдумомунов) Керемет бар сенде кышты жай кылар. Келчи, келчи, кыш чилдеде, кымбатым. (С. Жусуев) Кызарып бышкан алмасыц, кызылың өчүп калбасын. (Эл ыры) Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт, азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт. (Макал) Жакшы кишиден сурасаң сура, асти жамандыкын сураба. (Макал).
- Заттанып айтылган сын атоочтор жөнөкөй жөндөлүштө да, таандык жөндөлүштө (татаал жөндөлүштө) да зат атоочтордой болуп өзгөрө берет.
Жөнөкөй жөндөлүш
А |
жашыл |
тоголок |
айылдык |
И |
жашылдын |
тоголоктун |
айылдыктын |
Б |
жашылга |
тоголокко |
айылдыкка |
Т |
жашылды |
тоголокту |
айылдыкты |
Ж |
жашылда |
тоголокто |
айылдыкта |
Ч |
жашылдан |
тоголоктон |
айылдыктан |
Таандык жөндөлүш
А |
жашылым |
тогологу |
сырдаштыкы |
И |
жашылымдын |
тогологунун |
сырдаштыкынын |
Б |
жашылыма |
тогологуна |
сырдаштыкына |
Т |
жашылымды |
тогологун |
сырдаштыкын |
Ж |
жашылымда |
тогологунда |
сырдаштыкында |
Ч |
жашылымдан |
тогологунан |
сырдаштыкынан |
- Заттанган сын атоочторго көптүк сандын көрсөткүчү зат атоочтордой эле жалгана берет: Атайын күткөн күрсүчөндөр, найзачандар айкырык салды. (Т.Сыдыкбеков) Актар караларга мат койду. («Мурас»).
- Сын атоочтор адамзаттык зат атоочторду алмаштырып заттанса, жак мүчөлөрүн кабыл алат.
I- жак |
жакшымын |
балалуумун |
шаардыкпыз |
2-жак |
жакшысың |
балалуусуң |
шаардыксыңар |
|
жакшысыз |
балалуусуз |
шаардыксыздар |
3-жак |
жакшы |
балалуу |
шаардык(тар) |
- Илик жөндөмөсүндөгү атооч сөз менен айкашып, үчүнчү жак жекелик санда айтылса да, заттанып кетет: Өтүктүн жылуусун алдым. Көйнөктүн кызылынан ал. Китептин кызыктуусун танда.