Этиш сөздөрдүн маанилик топтору

Этиш сөздөр жалпысынан кыймыл-аракеттик, ал-абалдык маанилерди билдирген менен, чынында алар жалпы грамматикалык маанилик жактан бирдей боло бербейт. Айрымдары кыймыл-аракетти дана билдирип турса, айрымдарында кыймыл-аракет билине бербейт. Ошентип, кыргыз тилиндеги этиштердин өздөрү ич ара төмөнкүдөй бир нече маанилик топторго ажырайт:

  • -кыймыл этиштер;
  • абал этиштер;
  • өзгөрүм этиштер;
  • сезим этиштер.

 

Кыймыл этиштер.

Кыймыл этиштер кыймыл-аракетти ачык билдирет. Булар кыймыл-аракетти аткаруучу субөект менен кыймылга кириптер болгон обөектилердин катышына карата андан ары дагы бөлүнөт:

а). Субөектинин кыймылга келишин, бир  нерсеге багыт алышын билдирген этиш сөздөр: жүгүр-, чурка-, бас-, жорт-, чап-, ур-, кайт-, чык-, көтөрүл-, калкы-, серүүндө-, тара- (кабар тарады), тарка- ж.б. Мындай этиштер сүйлөмдөгү субөектинин өзүн кыймылга кириптер кылат, башкача айтканда, кыймыл- аракетти аткарган заттын өзү кыймылга келет.

б). Обөектини өзгөрүүгө дуушар кылган этиш сөздөр: каз-, курут-, майла-, самында-, көтөр-, алып бер-, алып кел-, жүр- (шахматты, картаны, тогуз корголду) ж.б. Мындай этиштер сүйлөмдөгү обөектини, башкача айтканда, кыймыл-аракет барып тийип турган затты кыймылга келтирет.

 

Абал этиштер.

Булар даана туюндурулган кыймыл-аракетти эмес, субөектинин кандайдыр бейпилдик ал-абалын билдирет: отур-, олтур-, жат-, тур-, бол- ж.б. Мисалы: /стөлдө чалкалап Асан агай олтурат. Үч окуучу уч бурчта турат. Мисалдардагы олтурат, турат деген этиштер кыймылды эмес, Асан агай менен үч окуучунун бир орундагы бейпилдик абалын билдирди. Абал этиштердин этиштик маанилери адатта контекст менен аныкталат.

Заттардын кандайдыр бейпилдикте болушу, бейпилдик абалда турушунун өзү аракет болгондугун, аракеттин барып токтогондугун туюндурат. Демек, анын ар жагында кыймыл жатат, ошондуктан мындай сөздөрдү абал этиштер дейбиз.

Абал этиштер татаал формада да айтылат. Мисалы: Ортодо илинген кооз люстра үйдү жарык кылып турат. Биздин мектептин класс бөлмөлөрү дайыма таза болуп турат.

 

Өзгөрүм этиштер.

Өзгөрүм этиштери субөектинин же обөектинин сандык же сапаттык жактан кандайдыр өзгөрүүгө дуушар болгондугун билдирет: агар-, жаша-, түлө-, той-, чанай-, кампай-, ичиркен-, семир-, арыкта-, аз- (өңдөн аз) ж.б. Мисалы: Акматтын баккан малы быйыл жакшы семирди. Кыймыл-аракет анча байкала бербейт.  Этиш  сөз  (семирди)  заттын  кыймыл-аракетин  эмес, сапаттык жактан өзгөрүшун билдирип турат. Акырындык менен сапаттык өзгөрүү кыймылынын жүргөнүн байкайбыз. Албетте, заттагы сандык  өзгөрүү да,  сапаттык өзгөрүү да  кыймылдын натыйжасы менен жүрөт. Ошондуктан мындай сөздөрдү кыймыл-аракетти билдирген сөздөр катары сандык-сапаттык өзгөрүү этиштери деп атайбыз.

 

Сезим этиштери.

Сезим этиштери субөектини же обөектини кыймылга келтирбестен, акыл-ой ишмердигиндеги кыймыл-аракет маанилерин гана туюндурат: эсте-, түшүн-, ойло-, ук-, тыңша-, бил-, сүй-, сез-, көр-, эшит-, байка-, баамда- ж.б. Мындай этиштерде аткарылган же аткарыла турган кыймыл-аракет боло бербейт, бирок бул сөздөрдүн лексикалык маанисинде биз баамдагыдай даана кыймыл-аракет болбогону менен кандайдыр натыйжалуу аракет, акыл-эс аракети жатат. Мисалы: Ушундай мазмунда кат жазганын эстеди. Этиш сөздө (эстеди) кыймыл- аракеттин өзү жок, субөектинин акыл-оюндагы, баамындагы аракеттин натыйжасы гана жатат.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter