Сын атооч сөздөр тутумуна карата жөнөкөй жана татаал сын атоочтор болуп бөлүнөт.
Жөнөкөй сын атоочтор бир гана сөздөн (уңгудан) турат: ак, жашыл, кара, буурул, таттуу, кызык, акылдуу, адилеттүү, тоодой, белгисиз ж.б. Мисалы: Сапардын калың бети ого бетер тултуюп чыкты. (Ж.Мавлянов) Жер ыйлаган, жер солкулдаган катуу чабыш. (Т.Сыдыкбеков)
Татаал сын атоочтор болсо, эки же андан көп унгудан туруп, заттагы, нерседеги бир гана белгини, касиетти, сапатты билдирет: көк ала, сары тору, мала кызыл, бүркүт кабак, ынды кара, улуу-кичүү, кызыл-тазыл, ысык-суук, бийик-бийик, коомдук-саясий ж.б. Татаал сын атоочтор сүйлөмдүн бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарат. Мисалы: Таңдын үлбүрөгөн аппак шооласы да түрү суук темирлерден айбыккандай, араңжан жылжыган тейде көзөнөктөрдөн төгүлүп турат. (М.Макенбаев) Анын кара тору жүзүнөн тер тыпылдап кетип жатты. (Б.Усубалиев). Анын бир апта мурдагы кара кочкул мээр нуру бозомук тарта баштаган эле… (К.Акматов)
Мисалдардагы түрү суук, кара тору деген татаал сын атоочтор сүйлөмдүн бир гана мүчөсүнүн, аныктоочтун милдетин аткарып турат.