Сан атооч түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Бир сөздөн (уңгудан) турган сан атоочтор жөнөкөй сан атоочтор деп аталат. Мисалы: бир, үч, он, жыйырма, отуз, кырк, элүү, жүз, миң, түмөн ж.б.
Сексен, токсон деген сан атоочтор азыр тутумдарга ажырабаганы менен тарыхый жактан эки уңгунун биригишинен келип чыккан: сексен - сегиз он; токсон - тогуз он.
Тува тилинде отуздан баштап (үжен, дөртөн, бежен, алдан, чеден, сезен, тазан), якут (түөртуон, биесуон, алтауон, сеттеуон, агысуон, тогузуон), алтай (төртөн, бежен, алтан, jетен, сегизон, тогузон) тилдеринде кырктан баштап, ал эми хакас, шор тилдеринде алтымыштан баштап (алтон, читон - четтон, сегизон, тогузон - тогызон) ушундай тутумда айтылат.
Эки же андан көп сөздөрдөн (уңгудан) туруп бир гана санды билдирсе татаал сан атооч дейбиз. Кыргыз тилинде сан атооч сөздөрдүн басымдуу көпчүлүгүн татаал сан атоочтор түзөт. Алардын айрымдары гана уңгу бирикмелерден туруп, бирге жазылат: сексен - сегиз, он; токсон - тогуз, он; калгандары айрым-айрым уңгулардан туруп, тутумундагы ар бир сөз бөлөк-бөлөк жазылат: он бир, отуз эки ж.б.
Татаал сан атоочтордун куралышы туруктуу мүнөзгө ээ. Ар дайым жогортон төмөн карай айтылат. Башкача айтканда, адегенде миңдик, анан жүздүк, анан ондук, анан бирдик айтылат. Мисалы: 1344 - бир миң үч жүз кырк төрт; 17 652 - он жети миң алты жүз элүү эки.
Байыркы жазма эстеликтерде татаал сан атоочтордун башкача түрүнүн айтылганы катталган: үч йегирми - он үч, токуз элиг - кырк тогуз ж.б. Мындай байыркы эсеп системасы азыр Кытайдагы сары уйгурлар тилинде катталган 1.
Кыргыз тилинде кем деген сөз айкашып уюшулган татаал сан атоочтор байыркы татаал сан атоочторго окшош айтылат. Мисалы: Бири кем отуз (жыйырма тогуз маанисинде). Быйыл, куда кааласа, үчү кем сексенге чыктым, балам. («Кыргызстан маданияты»).
Татаал сан атоочтор өзгөрүүгө дуушар болгондо, алардын эң акыркы түгөйү гана өзгөрүп, калган түгөйлөрү өзгөрүлбөстөн айтылат. Мисалы: Кырк үч окуучу музейге барууну чечишти, бирок, музейге отуз тогузу гана барды.
Сан атооч синтаксистик жактан көбүнчө аныктоочтун милдетин аткарат. Мисалы: Найзачылардын экинчи тобуна Теке баатыр менен Бука баатыр түштү. (К.Каимов). Адыл беш китеп колтуктап алыптыр.
Этиш сөздөр менен айкашып келгенде бышыктоочтун милдетин аткарат. Мисалы: Кичирээк жылкыга минсе, үч бүктөлөт. (Т.Сыдыкбеков). Аңгыча мылтык эки жолу атылды.
Кээде ээлик милдетти да аткарат. Мындай учурда сан атооч сөздөр заттык мааниге ээ болушат. Мисалы: Экөөбүз анын артынан сая түшүп алдык. («Ала Тоо»).
Толуктоочтук милдет аткарганда да заттык мааниде болот. Мисалы: Бешөөнө бирдей-бирдей кылып бөлүп бергиле. Керимбек - кырктарга барып калган ак куба жигит. Төөнүн эки өркөчүнүн бирин кессе, биринин күчү жок, эки эмчегинин бирин кессе, биринин сүтү жок. (Макал). Он отузга берет, отуз жалманга тапшырат, жалман жардан нары ашырат. (Табышмак).
Айрым учурларда баяндооч болуп да кызмат аткарат. Албетте, мындай учурда сүйлөмдүн аягына келет. Мисалы: Биз үчөөбүз. Беш жерде беш - жыйырма беш.
1.) Малов С.Е. Лобнорский язык. Фрунзе, 1956; Тенишев Э.Р. Строй сарыг-югурского языка. М., 1976.