Жаратылышта, күндөлүк турмушубузда иштин жүрүшү, башкача айтканда, кыймыл-аракеттин жүзөгө ашышы ар кандай болот. Кээде жай же ылдам аткарылып, кээде аткарылбай да калат, кээде аткарылышы биз ойлогонго карама-каршы келиши мүмкүн. Кыргыз тилинде мындай керүнүштөр атайын грамматикалык каражаттар аркылуу туюндурулат.
Кыймыл-аракеттин аткарылышына, иштин жүрүшүнө, орундалышына жана заттардын ар кандай бейпилдик абалдарда болушуна карата этиш сөздөрдүн колдонулушу оң жана терс түрлөрдөгү маанилер менен ишке ашат.
Кыргыз тилиндеги этиштердин дээрлик бардыгы кыймыл- аракеттин аткарылышын, аткарылып жатканын жана заттардын ар кандай бейпилдик абалда ойдогудай болубатканын билдирет, башкача айтканда, этиш сөздөр дайыма оң мааниде болот. Буларга карама-каршы келген маанилер да болот.
Кыймыл-аракеттин ишке ашышын, ишке ашып жатканын жана заттардын ар кандай бейпилдик абалда болушун тескери, карама-каршы маанилерде туюндурган этиштер этиштин терс түрү деп аталат.
Азыркы кыргыз тилинде этиштин терс түрү эки жол менен уюшулат: 1) терс маани мүчөсүнүн (-ба) этиштик негиздерге жалганышы менен жана 2) жок, эмес, элек деген сөздөрдүн этиштерге кошулуп айтылышы аркылуу.
-ба мүчөсү
-ба мүчөсү этиш сөздөргө жалганып, кыймыл-аракеттин болуп өткөнүнө же аткарылышына терс жана карама-каршы маанилерди таңуулайт.
Мисалы: Чакырган жерден калба, өзүң басып барба. (Макал). Мисалда -ба мүчөсү этиштик уңгулар (кал-, бар-) билдирип турган кыймыл-аракеттик маанилерге терс маани ыйгарды. Терс маанинин бул мүчөсү уңгудагы (негиздеги) тыбыштарга карата өзгөрүп келе берет: -ба, -бе, -бо, -бө, -па,
-пе, -по, -пө. Кыргыз тилинде -ба мүчөсүнүн этиш сөздөрдүн тутумундагы орду туруктуу келип, ал дайыма уңгудан (негизден) кийин жалганат.
Мисалы: ал-ба, ал-ба-й-т, сүйлө-бө-гүлө ж.б. Эгерде этиштин тутумунда мамиле мүчөсү болсо, -ба мамиле мүчөсүнөн кийин келет. Мисалы: жуу-н-ба, бас-ыл-ба-ды, оку- т-па-й-сың, жаз-дыр-ба-дык, эм-из-бе-й-т, сүйлө-ш-пө-гүлө, жам-ын-ба, көр-сөт-пө ж.б. Демек, уңгу кандай өзгөрүүлөргө дуушар болсо, -ба мүчөсү да жалганган этиш сөздөгү тыбыштардын касиетине жараша өзгөрүүлөргө учурай берет.
Учур чак этиштерде -ба мүчөсү дайыма негизги этишке жалганып этиштик терс маанини камсыз кылат: келбей жатат, сүлөбөй жатат ж.б.
Келер чак этиштердин татаал формаларында -ба мүчөсү жалгашкан орду боюнча өзгөчөлөнбөйт. Жардамчы (көмөкчү) этиштин тутумунда келгенде кыймыл-аракеттин аткарылыш багытына терс маани берет: ээрчитип келбейм, олтура бербеңиз, айта бербегиле, алып келишпейт ж.б.
Негизги этиштин тутумунда айтылган болсо, кыймыл- аракеттин аткарылыш багытына эмес, аткарылган кыймыл- аракеттин натыйжасына карата терс маани берет: ээрчитпей келет, албай келишет ж.б. Акыркы мисалдарда кыймыл-аракет он, эле аткарылды, бирок аткарылган кыймыл-аракеттин натыйжасы тескери болду.
Арсар келер чактын -ар мүчөсү менен келбейт. Анткени -ар мүчөсүнүн терс түрү бар (-бас), ал эми -бас мүчөсүнүн тутумунда -ба мүчөсү бар.
Өткөн чак этиштердин -ды, -ып, -ыптыр, -чу формалары менен айкашканда өзүнүн туруктуу ордун сактап келет: кел-бе- ди, уг-ул-ба-ды, жет-пе-п-тир-сиз, көр-бө-чү-мүн ж.б.
Ал эми жалпы өткөн чактын мүчөсү (-ган) менен татаал формаларда гана айкашып айтылат: окубаган болсом, көрбөгөн элем, билбеген экенбиз, унчукпаган бойдон ж.б. Бул учурларда -ган мүчөсүнүн атоочтукту жасай турган өзгөчөлүгү даана көрүнүп, андагы этиштик татаал формаларда кандайдыр касиет, сапат маанилеринин бар экендиги байкалат. Кыргыз тилинин диалектеринде жөнөкөй этиштерде -ган мүчөсү жалганып айтыла берген көрүнүштөр бар: айт-па-ган, кел-бе-ген-биз, көр- бө-гөн-мүн.
Бир сөздүн тутумунда -ба мүчөсү суроо маанисин билдире турган -бы мүчөсү менен келсе, өзүнүн терс маанисин жоготот, кыймыл-аракеттин аткарылышына, жүрүшүнө, орундалышына жана заттардын ар кандай бейпилдик абалдарда болушуна карата оң маанилерди билдирип калат. Мисалы: Бардыгын айтып бербедимби, дагы эмнени айтайын? (М.Макенбаев) Ошентип, убара болуп шаарга эки жолу барып келбедимби. (Ш.Бейшеналиев)
Татаал формада беле жардамчы этиши менен келсе да оң маанилерди билдирип калат: Тааныштар түгүл жакындар менден качып калышпады беле. (С.Станалиев) Анткени, беле – бы, эле.
жок, эмес, элек
Этиштин терс формалары жок, эмес, элек деген сөздөрдүн жардамы менен да уюшулат.
«жок» деген сөз жалпы өткөн чакка айкашып келет: окуткан жок, барган жок, келген жок, уктаган жок, билдирген жок ж.б.
«эмес» деген сөз болсо, жалпы өткөн чак менен адат өткөн чакка айкашат: барган эмес, көргөн эмес, барчу эмес, көрчү эмес ж.б.
«элек» деген сөз -а, -о, -е, -й мүчөлүү чакчылдар менен айкашып келет: бара элек, толо элек, бере элек, сүйлөй элек, көрө элек ж.б. Кыймыл-аракеттин аткарылашана терс маани берет. Эгерде «элек» -ган, -чу мүчөлүү этиштер менен айкашып келсе, кыймыл аракеттин аткарылышынын оң маанисин билдирип калат: барган элек, барчу элек.
Эскертуү: жок, эмес деген сөздөр атооч сөздөр менен бирге келип да терс маанилерди туюндура берет. Ошол заттын жок экенин же ошол затты тангандыкты билдирет: Асан жок, китебим жок, сабагыбыз жок, акылы жок, эси жок, бала эмес, жыгач эмес, биздин мектебибиз эмес ж.б.