Жандоочтордун түзүлүшү

Жандооч сөздөрдүн дээрлик бардыгы тилдин өсүп- өнүгүшү менен бара-бара өз алдынча маани берүүдөн калып, жандоочтук кызматты аткарып калышкан. Мисалы: соң деген сөздү алып көрөлү; соңунан басты (затташкан тактооч), соңку жыл (сын атооч), өзүм жалгыз болгон соң (жандооч), иш бүткөн соң барам (жандооч).

Кээ бир жандоочтор этиш сөздөрдөн, кээ бирлери атоочтордон пайда болгон.

Этиштерден пайда болгон жандоочтор

Сайын (күн сайын, окуган сайын). «Жандооч сайын тарыхый жагынан сана маанисиндеги байыркы са- деген этиш менен илгерки кездеги чакчылдардын -йын мүчөсүнөн турат»1.

Баштап (бүгүндөн баштап), тартып (ушул күндөн тартып), карап (шаарга карап баратат). Чакчылдын -ып мучөсү менен жасалган сөздөр (башта-, тарт-, кара- жана -ып) учуру менен жандооч да болуп кетет.

Карай (тоого карай), бойлой (көчөнү бойлой өскөн теректер), көздөй (мектепти көздөй жөнөдүк). Чакчылдын мучөсү менен жасалган сөздөр (кара-, бойло-, көздө- жана ) контексттеги маанилерине жараша жандооч да болуп кетет.

Тарта (ошондон тарта), боло (көңүлгө боло), жараша (окуганга жараша). карата (жаңы окуу жылга карата), көрө (мындан көрө). Чакчылдын мүчөсү аркылуу жасалган сөздөр (тарт-, бол-, жараш-, карат-, көр- жана ) учуру менен жандооч да болуп кетет.

Атоочтордон пайда болгон жандоочтор

Ары (кырдан ары, ошондон ары), бери (түштөн бери, көптөн бери). Ат атоочтордон байыркы барыш жөндөмөсүнүн -ры (ал + ры, бул + ры) мүчөсү менен жасалган. 

Аркылуу (Өзгөн аркылуу, бирөө аркылуу), тууралуу (иш тууралуу, биз тууралуу), шекилдүү (келет шекилдүү), өңдүү (киши өндүү), чамалуу (жүз чамалуу). Атооч уңгулардан (аркылуу > арка + -луу; тууралуу > туура + -луу; шекилдүү > шекил + -луу; чамалуу > чама + -луу; өңдүү > өң + -луу) -луу курандысы менен жасалган.

Бою (бүткөн бою), бойдон (качкан бойдон), боюнча (ошол боюнча, тизме боюнча). Бул жандоочтор бой, байыркыча бод (дене, тулку) деген уңгудан келип чыккан (бой + -ы, -дан, -нча).

Менен (атам менен, кол менен). Муну башка түрк тилдериндеги айтылыштарына салыштырып келип, «баштапкы формасы бирлен, тарыхый чыгышы жагынан «бир» деген сан атооч менен байланыштуу (бир + ла + н)»2 деп далилдешет.Үчүн (сен үчүн, элим үчүн). Бул жандоочтун түпкү теги «кээ бир окумуштуулардын пикири боюнча жандооч үчүн чыгышы жагынан уңгу, мүчөгө ажырабай турган сөз же уч + ун деген эки составдан турган сөз: уч - бир нерсенин учталган учу, чыгарылган түрү; -ун – байыркы инструменталдык жөндөмө мүчө, же 3-жактын таандык мүчөсү менен бирге келген кыйыр жөндөмөлүк форма»3 деп, али тактала элек далил келтирилген.

Ошентип, тарыхый чыгыш теги боюнча көпчүлүк жандоочтор лексикалык мааниге ээ уңгулардан келип чыккан болуп эсептелет. Азыркы кыргыз тилиндеги жандооч сөздөрдүн бир тобу лексикалык алгачкы маанилерин биротоло жоготкон: дейин, чейин, сайын, тууралуу ж.б. Ал эми кээ бирлери азыр да өз доорунун лексикалык маанилеринде колдонула берет: айтылган соң, баарыбыз уктук (жандооч), соңку жылы окууга дагы келем (сын атооч), соңунан калбай жүрүп отурдук (затташкан тактооч).

 

 

1.) Кыргыз тилинин грамматикасы: морфология. Фрунзе, 1964. 335-б.

2.) Кыргыз тилинин грамматикасы: морфология. Фрунзе, 1964. 329-б.

3.) Кыргыз тилинин грамматикасы: морфология. Фрунзе, 1964. 331-б.

 

 

 

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter