Табыш тууранды сөздөр да, элес тууранды сөздөр да түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт.
Жөнөкөй тууранды сөздөр бир эле сөздөн (уңгудан десек да болот) турат. Алар көбүнчө табыштын жана элестин бир гана көрүнүшүн же кыска мөөнөттүүлүгүн билдирет. Мисалы: Үн чыккан тарапка «жалт» тиктей, көздөрүнөн от чагыла түштү. (М.Макенбаев) Тарс! Мылтыктын үнүнө удаа карышкыр кулап түштү. (К.Жантөшев) Акындын акын деген акыны бар..., шыңгырак, шыңгыр дабыш агымы бар. (А.Осмонов)
Татаал тууранды сөздөр эки же андан көп түгөйлөрдөн турат. Алар тууралып айтылып жаткан үндүн же элестин үзгүлтүксүздүгүн, кайталанып жатканын же бир аз созулуңку абалда болгонун билдирет. Мисалы: Эл арасы дуу-дуу, каргап- шилеген үндөр. (Т.Абдумомунов) Күлүп туруп эти гана ыйлаган, теңтушуна кыт-кыт күлгөн баладай. (А.Осмонов)
Татаал тууранды сөздөр тутумундагы түгөйлөрүнүн мүнөзүнө жараша өз ара үч топтон турат.
1). Кайталанма тууранды сөздөр: дардаң-дардаң, койкоң- койкоң, калч-калч, кыбыр-кыбыр, зыр-зыр, болк-болк, карс-карс ж.б. Мисалы: «Зуу-зуу» учкан жебелер үстүнөн өттү. (Т.Сыдыкбеков)
2). Уйкашма (уйкаш айтылма) тууранды сөздөр: така- так-така-так, шака-шак-шака-шак, кобур-собур, калдыр- салдыр ж.б. Мисалы: Эл арасы «кобур-собур», ар кандай ушактар айтылып жүрөт. (К.Жантөшев)
3). Каршылаш тууранды сөздөр: дабыр-дүбүр, карс-күрс, шалдыр-шулдур, уу-дуу, тик-так, күңк-мыңк ж.б. Мисалы: Не чегирткеби, не бир «ырчы» жандыкпы? «Чыр-чур», «ыз-быз» тынбайт. (Т.Сыдыкбеков)
Тууранды сөздөрдүн каршылаш маанилери алардын айтылышындагы тыбыштардын башка-башка топтогуларынын келгендигине негизделип, ошонун өзү грамматикалык антонимдик касиетке ээ болот.