Кыймыл атоочтордун атоочтук белгилери

1). Кыймыл-аракет маанисин эмес атооч маанисин билдирет. Мисалы: Жетимиш-сексен уй сааш оңойбу? (М.Элебаев) Бир карашың белги берип бакыттан, бир карашың жабат күндүн түндүгүн... (К.Сабыров)

2). Зат атоочтун категориялары менен өзгөрүүгө да жөндөмдүү.

Таандык болуп өзгөрөт

 

Жекелик сан

Көптүк сан

1

жазуум, өрмөгүм

жазуубуз, өрмөгүбүз

2

жазууң, өрмөгүң жазууңар, өрмөгүңөр

жазууңуз, өрмегүңүз жазууңуздар, өрмөгүңүздөр

3

жазуусу, өрмөгү

жазуусу, өрмөгү

 

Жалпы таандыкта да жазуунуку, тааныштыкы, чертмектики, жүрүш-туруштуку ж.б. болуп зат атоочтордой эле өзгөрө берет.

Жөндөлөт

 

  

  А  

суроо

чыгыш

чертмек

  И

суроонун

чыгыштын

чертмектин

  Б

суроого

чыгышка

чертмекке

  Т

суроону

чыгышты

чертмекти

  Ж

суроодо

чыгышта

чертмекте

  Ч

суроодон    

чыгыштан    

чертмектен  

 

  1. Сүйлөмдө негизинен ээ менен толуктоочтук милдеттерди аткарат. Мисалы: Ээрде олтурушу кыт куйгандай бекем. (Т.Сыдыкбеков)  Ээнин (олтурушу) милдетин аткарды. Төгүлүүңдү баса албайт күн аптабы. (К.Сариева).Толукточтун (төгүлүүңдү) милдетин аткарды.
Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter