-гыр курандысы кайсы бир аракеттин натыйжасын аныкталгычтын белгиси катары көрсөтөт: алгыр куш, өткүр жигит.
-калак (-калаң) курандысы кыймыл-аракеттин өзүн аныкталгычтын мүнөзүндөгү белги катары көрсөтөт: шашкалак (шашкалаң) киши, күйкөлөк адам.
-гак курандысы аныкталгычтын ошол кыймыл-аракет менен мүнөздөлөр белгисин билдирет: соргок адам, тайгак жер.
-ым*: ажырым иш, бышырым (эт).
-гыл: киргил суу, ачкыл даам, быткыл, кычкыл даам, кочкул түс.
-коол*: москоол киши, ургаал нерсе.
-ыл: батыл киши, жашыл чөп, жеңил жүк.
-чүк: үйрөнчүк бала, сүймөнчүк кызматкер.
-гач: кыйгач кесинди.
-ын*: агын суу, бүтүн жумуртка, жашырын сыр, саан уй, узун сызык, жоон жыгач.
-ар: жанар тоо, кекээр сөз.
-ка*: кыска жол, кырка тоо.
-шы: жакшы бала.
-кыс: таңкыс буюм.
-тык: жантык жер.
-шык: кыйшык көз (< кый-).
-ыз: семиз эт (< семир-), тыгыз (тыкыс).
-гай: ыңгай жер (< ың=оң), жалакай мүнөз (жалкоо).
-каак: жабышкаак чөп, илешкээк желим.