Татаал сөздөр

Татаал сөздөр жөнөкөй сөздөрдөн тутумдук түзүлүшү менен айырмаланат. Бирок, булар деле тутумунда эки же андан көп сөз болгонуна карабай лексикалык бир гана маанини билдирет. Демек, татаал сөздөр сүйлөмдө сүйлөмдүн бир эле мүчөсүнүн милдетин аткарат.

Татаал сөздөрдүн айрым топтору жөнөкөй сөздөрдөн грамматикалык маанилери боюнча да айырмаланат. Мисалы: киши-кара, бала-чака, мал-сал, эгин-тегин деген сыяктуу татаал сөздөрдө дайыма көптүк сан мааниси кошо болот.

Татаал сөздөрдүн грамматикалык жактан уюшулушу өтө ар түрдүү. Эки же андан көп компоненттерден тургандыктан алардын ортосунда бири-бирин байланыштырып турган синтаксистик байланыш бар. Ошондуктан, аларды грамматикалык жактан уюшулушу жана тутумдук түзүлүшү боюнча төмөндөгүдөй топторго бөлүштүрүп карайбыз:

  1. Ыкташуу байланышы менен уюшулган татаал сөздөр. Кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн басымдуу бөлүгү ушул ык менен уюшулган. Аларды биз тутумундагы сөздөрдүн (негиздердин) маанисине, мүнөзүнө жана түркүмдүк өзгөчөлүгүнө жараша андан ары дагы бөлүштүрөбүз:

а) жалаң атоочтордун айкашынан турган татаал сөздөр: каржилик, таштүлөк, өнөржай, ашказан, бүгүн, чоңата, Соңкөл, Ылайталаа, Сарыжаз, Жоошбай, Алмагүл, Турганбай, илимий даража, айылдык кеңеш, беш айлык, эл аралык ж.б.

б) атоочтор менен этиштердин айкашынан турган татаал сөздөр: кол сал-, жакшы көр-, жок кыл-, өч ал-, дем ал-, баш ий-, пайда бол-, баш бак- ж.б.

в) чакчылдар менен байланышып уюшулган татаал сөздөр: бара бер-, жаза сал-, тура тур-, кийе кой-, окуп жибер-, кайтып кел-, байкай кой- ж.б.

г)  тактоочтор  менен  айкашып  уюшулган  татаал  сөздөр: тез тез, ары бери, алда кайда ж.б.

д) тууранды сөздөр менен байланышып уюшулган татаал сөздөр: тарс эт-, жылт эт-, чү де-, жылт кой- ж.б.

  1. Таандык байланыш менен уюшулган татаал сөздөр: бирдин айы, бештин айы, шайлоо комиссиясы, төрөт үйү, окуу бөлүмү ж.б.
  2. Башкаруу байланышы менен уюшулган татаал сөздөр: жолго сал-, жандан кеч-, көзгө түш-, колго сал-, күнүн көр-, тилден кал-, жокко чыгар-, баш жаз-, жооп бер-, өкүттө кал- ж.б.
  3. Тең байланыш аркылуу уюшулган татаал сөздөр. Мындай ык менен уюшулган татаал сөздөр да кыргыз тилинде бир топ арбын. Булар да өз ара  бири-биринен айырмаланган топторго бөлүнөт:

а) түгөйлөрүнүн бардыгы лексикалык маани берип турган сөздөрдөн  (негиздерден)  уюшулган  татаал  сөздөр:  тоо-таш, курал-жарак, күч-кубат, азап-тозок, алыш-бериш, эрди-катын, кадыр-барк, ал-абал, кылык-жорук, ит-куш, курт-кумурска ж.б. б)  түгөйлөрүнүн  бири  лексикалык  маани  бере  албаган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: кыз-кыркын,

китеп-митеп, бала-бакыра, эгин-тегин, кийим-кечек ж.б.

в) түгөйлөрүнүн бардыгы лексикалык маани бере албаган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: ыйкы-тыйкы, ыпыр-сыпыр, олку-солку, быт-чыт, үрөң-бараң ж.б.

Тутумдук түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн үч түрү бар1. Алар: кош сөздөр, кошмок сөздөр жана кыскартылган сөздөр.

1 Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: морфология. Фрунзе, 1980. 29-б.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter