Курандылар

Кийинки мезгилдерде бул термин сөз жасоочу мүчөлөр деп аталып жүрөт. Терминдин негизги талаптарынын бири кыскалык, ошондуктан китепте К. Тыныстанов колдонгон термин, куранды термини колдонулду. Курандылар (куранды мүчөлөр) сөздүн тыбыштык турпатын, грамматикалык формасын гана эмес, лексикалык маанисин да өзгөртөт. Жаңы лексикалык маани, жаңы сөз жаратат. Демек, курандылар сөз жасайт.

Кыргыз тилинде куранды мүчөлөр бир топ арбын. Алар зат атоочтун курандылары, сын атоочтун курандылары, этиштин курандылары, тактоочтун курандылары болуп бөлүнөт.

Куранды мүчөлөрдү сөз жасайт дедик. Курандыларды сөз жасоо кызматынын мүнөзүнө, сөз жасоо кудуретине жараша өнүмдүү курандылар, аз өнүмдуү курандылар жана өнүмсүз курандылар деп үчкө бөлөбүз1 . Курандылар тууралуу толук маалымат жана аларга мисалдар төмөндө, тиешелүү сөз түркүмдөрүндө берилди.

Өнүмдүү курандылар. Өнүмдүү курандылар ар кандай сөздөрдөн сөз жасаганга жөндөмдүү болуп, абдан көп сөздөрдү жасай берет. Булар түрдүү турпаттагы уңгуларга (негиздерге) жалгана берүүгө ийкемдүү келет. Кыргыз тилинде мында курандылар бир топ арбын. Мисалы: Зат атоочтун -чы курандысы: малчы, окуучу, тамырчы, айдоочу, катчы, жолчу, өтүкчү, базарчы, бекерчи ж.б.; этиштин курандысы -ла: ойло-, бийле-, бойло-, жайла-, тордо-, боола-, суула-, ыйла-, көчөлө- ж.б.

Аз өнүмдүү курандылар. Аз өнүмдүү курандылар саналуу гана сөздөрдү жасайт. Булар ар кандай эле уңгуларга (негиздерге) жалгана берүүгө анчалык ийкемдүү эмес.  Мисалы:

-мер: ишмер, сөзмөр; -дар: кабардар, карыздар, кусадар, жарадар, өкүмдар; -анак: сүзөнөк, кабанак, тебенек.

Өнүмсүз курандылар. Өнүмсүз курандылар тилдин азыркы жашап турган этабында сөз жасабай калган, жасаса да жалгыз-жарым гана сөздөрдү жасайт. Буларды сөздүн тутумунан ажыратуу бир топ кыйын. Өнүмсүз курандыларды бөлүп көрсөтүүдө сөздүн тутуму көбүнчө тарыхый жактан иликтенип, тарыхый уңгусу табылып мүчөлөнөт. Мисалы: -кел,

-дач, -кыс, -тык, -шык деген сыяктуу курандылар бирден гана сөздү жасайт: эткел, кырдач, таңкыс, жантык, кыйшык. Ал эми байыркы учурларда сөздөрдү жасаган -га курандысы азыр сөз жасабайт, жорго, жылга, билге деген сөздөрдүн тутумунда уңгуга сиңирилип калган. Бул сөздөрдүн тутумунан байыркы куранды катары гана ажыратып көрсөтүүгө (жор-го, жыл-га, бил-ге) болот.

1 Орузбаева Б.О. Словообразование в киргизском языке. Фрунзе, 1964.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter