Маанилик же уйкаштык жагынан жупташып келип бир гана лексикалык мааниге ээ болгон татаал сөздөр кош сөздөр деп аталат. Мисалы: күч-кубат, бала-чака, алдым-жуттут, алай-дүлөй, чымын-чиркей ж.б.
Кош сөздөр түгөйлөрүнүн (компоненттеринин) берген маанилерине жараша өз ара топторго бөлүнөт.
- Түгөйлөрүнүн бардыгы өз алдынча лексикалык мааниге ээ боло алган кош сөздөр: ата-эне, жер-суу, короо-короо, таңгак-таңгак, өйдө-төмөн, кайгы-капа, жан-жаныбар, соода- сатык, кой-эчки ж.б. Кош сөздөрдүн бул тобун С. Давлетов андан ары дагы үчкө бөлгөн:
а) Карама-каршы кош сөздөр. Түгөйлөрү өз ара карама- каршы мааниде болуп кош сөз жаралат: оң-терс, чоң-кичине, кары-жаш, улуу-кичүү, жакшы-жаман, асты-үстү, алды- арты, күн-түн, дос-душман.
б) Маанилеш кош сөздөр. Түгөйлөрү өз ара бири-бирине синоним маанилерде келип кош сөз жаралат: сак-саламат, аман-эсен, күч-кубат, жарды-жалчы, кедей-кембагал, алдуу- күчтүү, ачык-айкын.
в) Түркүмдөш кош сөздөр. Түгөйлөрүнүн экөө тең бир текте же бир сөз түркүмүндө келип, кош сөз жаралат: алма-өрүк (экөө тең жемиш), идиш-аяк (экөө тең буюм), курт-кумурска, казан-аяк, чымын-чиркей, музоо-торпок, кой-козу, кулун-тай ж.б.
- Түгөйлөрүнүн бири өз алдынча лексикалык мааниге ээ боло албаган кош сөздөр: аке-жаке, айыл-апа, жорук-жосун, жаман-жуман, жыт-жыбыр, жоон-жолпу, будуң-чаң, оңой- олтоң, кең-кесири, кийим-кечек ж.б.
- Түгөйлөрүнүн бардыгы өз алдынча лексикалык мааниге ээ боло албаган кош сөздөр: оргу-баргы, уйгу-туйгу, үрүл-бүрүл, илең-салаң, кым-куут, бака-шака, акыр-чикир, быт-чыт ж.б.
Кош сөздөрдү жалпы категориялык грамматикалык маанилерине карай да өзүнчө топторго бөлүштүрөбүз.
- Жалпылап топтоштуруу маанилерин билдирген кош сөздөр: бала-бакыра, эли-журт, агайын-тууган, жер-суу, чымын-чиркей, азык-түлүк, ыпыр-сыпыр ж.б.
- Болжолдоп чамалоо маанилерин билдирген кош сөздөр: беш-алты, бирин-серин, отуз-кырк, аз-маз, жарым-жарты ж.б.
- Чектөө, жиктөө маанилерин билдирген кош сөздөр: алды-арты, алыс-жакын, ак-кара, тарам-тарам, узун-узун, бетме-бет, жекеме-жеке, теңме-тең ж.б.
- Ойдун, процесстин кайталанышын, созулушун билдирген кош сөздөр: бара-бара, кайта-кайта, жыла-жыла, сылай-сылай, бырс-бырс, улам-улам, ыйлап-сыктап ж.б.
- Күчөтүү, сапатты арттыруу маанилерин билдирген кош сөздөр: чоң-чоң, узун-узун, көп-көп, түрмөк-түрмөк, машине- машине ж.б.
Кош сөздөр татаал сөздөрдүн башка түрлөрүнөн жазылышы боюнча араларына дефис (-) коюлуп жазылышы менен да айырмаланат. Булар жупташып бириккен татаал сөздөр. Дефис бириктирүү маанисине ээ. Дефис аркылуу кош сөздөрдүн эки же андан көп тутумдары биригип турат.