Терс форманын грамматикалык көрсөткүчү жөнөкөй учур чактын -ууда мүчөсүнөн мурда келет. Мисалы: өстүрбөөдөмүн, айттырбоодо, ойнотпоодосуң ж.б. Жогоруда айтылгандай, мамиле мүчөлөрүнүн орду дайыма уңгудан кийин биринчи болуп келет. Демек, мамиле формаларында да -ба мүчөсү мамиле мүчөлөрүнөн кийин келет.
Чакчыл -а менен жак мүчөлөрүнүн жардамы аркылуу уюшулган жөнөкөй учур чакта да терс форманын көрсөткүчү түздөн-түз этиш уңгунун өзүнө жалганат. Мисалы: отурбайт, отурбаймын, жазбайт, өстүрбөйсүң ж.б.
Татаал учур чак формаларда терс форманын (-ба) мүчөсү чакчылдарга, башкача айтканда, биринчи түгөйгө жалганат.
|
Жекелик сан |
Көптүк сан |
1 |
оку-ба-й жатам (-мын) |
оку-ба-й жатабыз |
2 |
оку-ба-й жатасың |
оку-ба-й жатасыңар |
|
оку-ба-й жатасыз |
оку-ба-й жатасыздар |
3 |
оку-ба-й жатат |
оку-ба-й жатат (-ышат) |
Өткөн чактын -ган мүчөсү менен айтылган этиштин татаал түрүнө жок деген сөздүн кошулуп айтылышы менен терс форма уюшулуп, анда өткөн чакка караганда учур чак мааниси басымдуулук кылат: келе жаткан жок, күлүп отурган жокмун, окуп жатканым жок ж.б.
Кыргыз тилинин кээ бир диалектилеринде терс маани (-ба) мүчөсүнөн кийин да өткөн чактын -ган мүчөсүнүн жалганышы учурай берет: келбегенмин, окубаганмын, айтпагам.