Сүйлөмдө субъект менен объектинин ортосундагы карым- катыштар өтө ар түрдүү болот. Агглютинация тилдеринин өзгөчөлүгү ушунда, бир эле сөзгө (уңгуга) бир нече грамматикалык каражаттар жалганып, текстте айтыла турган ойлор бузулбастан түшүндүрүлүп кете берет. Мына ушундай өзгөчөлүктөрдөн улам субъект менен объектинин ортосундагы ар түрдүү карым-катыштарды чагылдыруу зарылдыгына жараша этиштин мамиле мүчөлөрү бир сөз ичинде биринин артынан бири кабатталып да келе берет. Бул учурда мамиле мүчөлөрүнүн бардыгы өздөрүнүн мамилелик маанилерин сактайт, бирок сүйлөмдөгү аяктаган ойду туюндуруучу аракет эң акыркы болуп келген мамиле мүчөсүндө болот.
Аркылуу жана кош мамилелердин кабатталып келиши: Мал ээсин колтукташып тургузушту, Көз жашын суу алып келип жуугузушту. (С.Шатманов) Кырктан отуздан жылкычы коруп, бир туякты бөөда алдырышпайт. (Э.Турсунов)
Аркылуу жана туюк мамилелердин кабатталып келиши: Доорлор үй көчкөндөй урайт, кулайт. Дүйнөнүн закону ошол - жаңыртылат. (С.Шатманов) Булардын айрымдары
«Чолпонстан», «Жыядыздуу жаштык» аттуу эң биринчи жыйнактарына киргизилген. (П.Казыбаев)
Аркылуу мамиле мүчөлөрүнүн кабатталып келиши: Бул кагазыцарды бирөөгө көрсөттүрүп алдыңар беле? («Кыргыз Туусу») Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай бакты, байкуш апасы. (М.Макенбаев)
Кош жана аркылуу мамилелердин кабатталып келиши: Таздарлар тенен Токтогулдун сарттар уруусун бүгүн түнү дагы мушташтырабыз. (Т.Абдумомунов) Бул дүйнө даңкты кармап кызыктырат, Чын менен калпты катар жарыштырып. (С.Шатманов)
Өздүк жана аркылуу мамилелердин кабатталып келиши: Өзүмдү селкинчектей күүлөндүрүп, Өрөпкүп ыр арнадым түрлөндүрүп. (С.Шатманов)
Өздүк жана кош мамилелердин кабатталып келиши:
Найзачылар байдын үйүн көздөй жулунушту. (М.Байжиев)
Туюк жана кош мамилелердин кабатталып келиши: Жылаңач кылычтын албарс мизи күнгө чагылышты. (Т.Сыдыкбеков)
Туюк жана аркылуу мамилелердин кабатталып келиши: Сени да түн уйкудан түйшөлдүрөр Сүйүүнүн шыңгыр этип коңгуроосу. (С.Шатманов)