Адамзаттык жана адамзаттык эмес заттар

Зат атоочторду жооп берген суроолоруна жана грамматикалык өзгөрүү өзгөчөлүктөрүнө жараша  адамзаттык зат атоочтор жана адамзаттык эмес зат атоочтор деп бөлүштүрсөк болот1.

Адамзаттык зат атоочтор дайыма адамды билдирет, же адамга тиешелүү болот да, ким? деген суроого жооп берет. Мисалы: бала, аба, карындаш, сиңди, чоңата, чоңене, куда, мугалим, комузчу, капитан, курдаш, аспирант, окуучу, Айдай, Гулбарчын, Кадыралы, Садыкова, Жакиева, Жамгырчиев ж.б. Адамзаттык зат атоочтор адамзаттык эмес зат атоочтордон айырмаланып, ким? деген гана суроого жооп берет, зат атоочтун грамматикалык категориялары менен гана эмес, этиштин жак категориясы менен да өзгөрөт. Анткени, адамзатты билдирген зат атоочтор биринчи жана экинчи жактардын ээси болуп кызмат кылышат. Биринчи жак сүйлөп жатып, экинчи жак аны тыңшайт, жооп да кайтарат. Ал эми адамзатты билдирбеген зат атоочтор эмне? деген суроого жооп берип, этиштин жак категориясы менен өзгөрбөйт. Анткени, алар биринчи жана экинчи жактардын ээси боло албайт, башкача айтканда, алар сүйлөбөйт да, тыңшашпайт.

Адамзаттык  зат  атоочтордун  жак  категориясы  боюнча өзгөрүшү төмөндөгүдөй болот.

1

чоңата - мын

чоңата - быз

2

чоңата - сың

чоңата - сыңар

 

чоңата - сыз

чоңата - сыздар

3

чоңата

чоңата (лар)

 

1

аспирант - мын

аспирант - пыз

2

аспирант - сың

аспирант - сыңар

 

аспирант - сыз

аспирант - сыздар

3

аспирант

аспирант (тар)

 

Кээде адамзаттык заттарга да эмне? деген суроо берилиши мүмкүн. Мисалы: «Аалынын аялы төрөдү дейт, эмне тааптыр?» «Уул тааптыр.» «Кечээ бир абышка менен баратыпсың. Ал киши эмнең болот?» «Таятам болот.» Бул жерде «уул», «таятам» деген сөздөргө карата «эмне?» деген суроо берилип жатат. Бирок, бул сүйлөмдөрдөгү «эмне?» деген суроолор жана талап кылынган жооптор адамзаттык маанилерден (адамзатты билдирген касиеттерден) ажыраган жок.

Адамзаттык эмес зат атоочтор адамдан башка бардык зат атоочтор болуп, «эмне?» деген суроого жооп берет. Мисалы: арыстан, жолборс, төө, кумурска, бүркүт, булут, дептер, калем, көйнөк, чагылган, ой, санаа, Тайбуурул, Бөрүбасар, Телтору ж.б. Адамзаттык эмес зат атоочтор жак категориясы менен  өзгөрбөйт.  Эч  убакта  «мен  төөмүн,  сен  төөсүң»,  же

«чагылганмын, чагылгансың, чагылгансыз» деп айтпайбыз.

Айрым гана учурларда стилдик максаттар менен адамзаттык эмес заттар жак мүчөлөрүн кабыл алышы мүмкүн. Мисалы: Урушкан учурда кишилер бирин-бири «ит», «чочко», «итсиң», «чочкосуң» деп сөгүп, айта беришет.

Сахналык чыгармаларды аткарууда да «сен  мышыксың, бул чычкан» деп ролдорду бөлүштүргөн учурлар болот. Бирок, мындай шарттарда ит, чочко, мышык, чычкан деген сыяктуу сөздөр киши маанисинде, адамзаттык маанилерде колдонулат.

1 Кыргыз тилинде зат атоочторду мындай кылып бөлүштүрүп  окутууну алгач С.А. Давлетов кийирген: Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: морфология. Фрунзе, 1980. 45-46-б.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter