Аягы таандык мүчөлөр менен бүткөн зат атоочтордун жөндөлүшүн таандык жөндөлүш деп айтабыз. Анткени, жекелик жана көптүк сандагы бардык үч жактын мүчөлөрү жана жалпы таандыктын мүчөсү менен келген сөздөрдүн бардыгы бир типте болуп жөндөлө бербейт. Жекелик сандагы экинчи жактын таандык мүчөсүнүн сылык (-ңыз) түрү жана көптүк сандагы жакчыл таандык мүчөлөр менен келген сөздөр жөнөкөй жөндөлүшкө окшош (таандык мүчөлөр уланбай турган сөздөрдүн жөндөлүшүндөй) болуп жөндөлөт. Ал эми жекелик сандагы жакчыл таандык (экинчи жактын таандык мүчөсүнүн сылык -ңыз түрүнөн башка) мүчөлөр жана жалпы таандык мүчө менен келген сөздөрдүн жөндөлүшү таандык мүчөлөр уланбай турган сөздөрдүн жөндөлүшүнөн айырмаланып жөндөлөт. Таандык жөндөлүштө да сөздүн негизи (уңгусу) өзгөрбөйт.
Жекелик сандагы биринчи жактын жана экинчи жактын жөнөкөй түрүндөгү таандык мүчөсү менен келген сөздөрдүн жөндөлүшү.
|
а, ы |
о, у |
э (е), и |
ө, ү |
А |
(-м, -ым; -ң, -ың) |
(-м, -ум; -ң, -уң) |
(-м, -им; -ң, -иң) |
(-м, -үм; -ң, -үң) |
И |
-дын |
-дун |
-дин |
-дүн |
Б |
-а |
-о (-а) |
-е |
-ө |
Т |
-ды |
-ду |
-ди |
-дү |
Ж |
-да |
-до (-да) |
-де |
-дө |
Ч |
-дан |
-дон (-дан) |
-ден |
-дөн |
Жекелик жана көптүк сандагы үчүнчү жактын таандык мүчөсү менен келген сөздөрдүн жөндөлүшү.
|
ы, у |
и |
ү |
А |
(атасы, колу) |
(энеси, иши) |
(төөсү, үйү) |
И |
-нын, -нун |
-нин |
-нүн |
Б |
-на |
-не |
-нө |
Т |
-н |
-н |
-н |
Ж |
-нда |
-нде |
-ндө |
Ч |
-нан |
-нен |
-нөн |
Жөндөлүштүн бул түрүнө таандык мүчөлөр уланган бардык атоочторду, башкача айтканда, затташкан сын атоочторду, затташкан сан атоочторду, заттык мааниде колдонулган кыймыл атоочтор менен атоочтуктарды да кошууга болот. Анткени, таандык мүчөлүү мындай сөздөрдүн жөндөмөлөр боюнча өзгөрүшү таандык мүчөлүү зат атоочтордон айырмаланбайт.
Ат атоочтордун да бир тобу жөндөлгөндө ушундай көрүнүшкө дуушар болот. (Ат атоочтордун жөндөлүшү ат атооч сөз түркүмүнүн тиешелүү бөлүмүндө каралат).
Экинчи жактын жекелик сандагы сылык түрүнүн таандык мүчөсү жана көптүк сандагы бардык жактын таандык мүчөлөрү менен келген зат атоочтордун жөндөлүшү жөнөкөй жөндөлүштөгүдөй көрүнүшкө ээ болот. Мисалы:
А |
агаңыз |
үйүбүз |
айлыңар |
И |
агаңыздын |
үйүбүздүн |
айлыңардын |
Б |
агаңызга |
үйүбүзгө |
айлыңарга |
Т |
агаңызды |
үйүбүздү |
айлыңарды |
Ж |
агаңызда |
үйүбүздө |
айлыңарда |
Ч |
агаңыздан |
үйүбүздөн |
айлыңардан |