Синтаксистак жол менен жасалган чамалама сандар

а). Уңгу түрүндөгү эсептик сандарга чакты, чамалуу деген сөздөрдүн кошулуп айтылышы аркылуу жасалат: он беш чакты студент, эки миң чамалуу китеп ж.б.

б). Чыгыш жөндөмөсүндөгү эсептик сандар аз, ашуун, ашык, кем, көп, жакын, ашар-ашпас деген сөздөр менен айкашып келип, чамалама сандарды уюштурат: студенттер жүздөн аз, ондон ашуун бала, кырктан ашык китеп, отуздан кем мал, үчтөн көп киши келди, жыйырмадан ашар-ашпас эмгек жазган, кырктан ашык атчан ж.б.

в). Барыш жөндөмөсүндөгү эсептик сандардын жакын, жуук, жетпеген, жетер-жетпес өндүү сөздөр менен айкашып келишинен да чамалама сандар уюшулат. Мисалы: Отузга жакын эмгек жазган. Алтымышка жуук алма көчөтүн олтургузду. Жүзгө жетпеген студенттер лекция угушту. Жыйырмага жетер-жетпес китеп калды ж.б.

г). Эсептик сандардын катарлашып кош сөз болуп айтылышы аркылуу чамалама сандар жасалат: Мисалы: Бамбук бир сутканын ичинде элүү-алтымыш сантиметр өсө алат. Чагылгандын узундугу эки-үч километрге жетет («Советтик Кыргызстан»).

Мындай жол менен жасалган чамалама сандарда төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр бар:

  1. Онго чейинки сандардын катар келүүчүлөрүнүн биринен кийин экинчисинин жупталып айтьшышы да божомолду билдирет: Бир-эки күн күтө турсаңар болмок. Эки-үч сааттан кийин келип калышат. Төрт-беш айда торолуп калат.
  2. Ондон жүзгө чейинки сандарды билгизген сөздөрдөн чамалама санды түзүүдө биринен кийин экинчиси катар (жанаша) келбеген сандар да жупталып айтылат: Он-он беш гезит колтуктап алыптыр. Жетимиш-сексен вагон тарткан поезд өтуп жатат. Кырк-кырк беш окуучу экскурсияга жөнөп жатат.
  3. Жүз, миң деген сөздөр экинчи компонент болуп келген татаал сан атоочтордон чамалама сан уюшулганда алардын биринчи түгөйлөрүнүн катар келиши эле жетиштүү болот: төрт жүз-беш жүз, үч миң-төрт миң, он миң-он беш миң ж.б.

д). Чамалама сандар жамдама сан атоочтордон да жасалат. Мындай учурда алардын биринчи түгөйү эсептик сан атоочтун, кээде жамдама сан атоочтун формасында турат: төрт-бешөө, алты-жетөө, учөө-төртөө, алтоо-жетөө ж.б.

е). Сан деген сөздүн миң, түмөн деген сан атоочтор менен айкалышып келишинен да божомол маанидеги сан атоочтор жасалат: Башым катат, миң-сан ойдон дал болом. (К. Сабыров). Сан-миң гүлдүн мекени жаз кайда деп, сапарымды улам карайм кылчактап. (Т.Байзаков). Сан-түмөн колу менен хан да кошо келди. (Фольк.).

Сан деген сөз байыркы бабатилде конкреттүү санды билдирген болуш керек. Элдик оозеки чыгармалардын жана «Манас» эпосунун материалдары ушинтип болжолдоого мүмкүнчүлүк берет:

Айдын бурчу алты сан,

Алты айланып келгенче,

Алтымышта атакем

Алдан тайып калбайбы1.

Жердин бети жети сан,

Желпиништен кайта көр2.

Чамалама сан атоочтор заттык мааниге ээ болбосо (затташпаса), сөз өзгөртүүчү грамматикалык каражаттар менен өзгөрбөйт. Бирок кош сөздөр тибиндеги жамдама сан атоочтон жасалса, алардын жөндөлүү мүмкүнчүлүгү сакталат: Эки- үчөөнү чакырып келишти. Бул сөздү мен да төрт-бешөөнөн уктум.

 

1.) Көкөтөйдүн ашы. - Бишкек, 1994. 20-б.

2.) Ошондо, 29-б.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter