Татаал этиштердин түрлөрү

Кыргыз тилиндеги татаал этиштер тутумундагы сөздөрдүн мүнөзүнө жараша үч топко бөлүнөт.

  1. Этиш түгөйлүү (чакчыл түгөйлүү) татаал этиштер. Түгөйлөрүнүн бардыгы этиш сөздөрдөн  турган татаал этиштер этиш түгөйлүү татаал этиштер болот. Мындай этиштердин ар дайым биринчи түгөйү чакчыл формада айтылып, негизги кыймыл-аракетти билдирет. Ал эми экинчи түгөйү анын грамматикалык  маанилерине толуктоо  киргизип, жардамчы (көмөкчү) этиш болот.

Мисалы: - Ана, атаң келатат! - Чал жолдун алдын көрсөтө берди. (О.Айтымбетов) Денеси өтө күчтүү чыңалууда болсо да, Адилеттин кайсыл бир ички сезимдери тымызын апкаарып жатты. (К.Акматов) Кишинин башын оорутпай кете бергиле. (Ж.Турус-беков).

Үч же андан көп түгөйлөрдөн турган татаал этиштер да болот: тартып бара жатат, жакшырып келе жатат, токтоп туруп калды, байкап келе жатабыз, карап кала берди ж.б.

Бул учурда да этиштик грамматикалык маанилер акыркы түгөй аркылуу ишке ашат. Калган эки түгөй чакчыл формаларда айтылып, биринчиси сүйлөмдө аткарылуучу кыймыл-аракеттин өзүн, экинчиси ошол кыймыл-аркеттин улана беришин же узактыгын билдирет. Мисалы: Көзүнө эч персе көрүнбөй жүрөгү алып уча баштады. (К.Жантөшев).

  1. Атооч түгөйлүү татаал этиштер. Мында биринчи түгөй болуп атооч сөздөр келет: ашык бол-, киши бол-, кол кой-, бир кой-, баш бак- ж.б.

Атооч түгөйлүү татаал этиштерди түгөй болуп келген атооч сөздөрдүн кайсы жөндөмөдө турганына жараша топторго бөлсөк болот.

  1. Атооч түгөйү атооч жөндөмөдө келген татаал этиштер: киши бол-, арача бол-, ашык бол-, көз сал-, эн сал-, бир сал-, тил ал-, байыр ал-, ат кой- (атты чаптыр), ат кой- (балага ат кой), сүр бас-, тер бас-, жол чал-, телефон чал-, үн де- (үндө- болуп биригип кеткен), каршы чык-, убада бер-, ал жет-, күч жет-, казан ас-, байге сай- ж.б.
  2. Атооч түгөйү барыш жөндөмөдө келген татаал этиштер: ишке сал-, калыпка сал-, жөнгө сал-, добушка сал-, кайгыга сал-, башка сал-, эпке кел-, уятка кал-, четке как-, добушка кой-, изине түш-, жоопко тарт- ж.б.
  3. Атооч түгөйү табыш жөндөмөдө келген татаал этиштер: ачууну жаз-, жарпты жаз-, башты жаз-, жоопту бер-, сабатсыздыкты жой-, экини жой-, карызды жой- ж.б.
  4. Атооч түгөйү жатыш жөндөмөдө келген татаал этиштер:бейпилде жат-, өкүттө кал- ж.б.
  5. Атооч түгөйү чыгыш жөндөмөдө келген татаал этиштер: өтөсүнөн чык-, үстүнөн чык-, анттан тай-, тилден кал-, жандан кеч- ж.б.

3. Тууранды сөз  түгөйлүү татаал этиштер. Биринчи түгөйү табыш тууранды же элестүү сөздөрдөн турган татаал этиштер да бар: тырп эт-, күп эт-, үрп эт-, жарк эт-, заңк эт-, жарк-журк эт-, солк эт-, мыңк эт-, тарс эт-, чырм эт-, болк эт-, ар эт-, быш эт-, быш де-, кыш де-, чү де-, кош де-, кың де-, күңк де-, кылт эт-, чү кой-, дыр кой-, жылт кой-, чөк түш-, бүк түш- ж.б. Келтирилген мисалдарда биринчи түгөйлөрү тууранды сөздөр, экинчи түгөйлөрү жардамчы этиштер болуп татаал этиштер уюшулду.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter