Татаал этиштер адатта эки же андан көп түгөйлөрдөн туруп, кыймыл-аракеттик маани ар дайым биринчисине, негизги этишке таандык болот. Акыркы түгөй болуп келген этиш сөздүн өзүнүн нукура лексикалык мааниси солгундап, көпчүлүк учурда биротоло жоголуп да кетет. Ошондуктан буларды жардамчы (көмөкчү) этиштер дейбиз. Жардамчы (көмөкчү) этиштер негизги этиштердин маанисине тактык, кандайдыр толуктоо алып келет да, ар кандай грамматикалык маанилерди туюндурууга жардам берет: тура тур, келе жатат, сүйлөй бериңиз, уктап кетти ж.б.
Ошентип, татаал этиштин тутумундагы нукура этиштик маанини толук сактап турган сөз негизги, ал эми этиштик мааниси солгундап же биротоло жоголуп, негизги этиштин маанисине толуктоо алып келген сөз жардамчы этиш деп аталат.
Демек, жогоруда айтылгандай, негизги этиштерде лексикалык маани толук сакталат, жардамчы этиште жоголуп кетет, же солгундап калат да грамматикалык кошумча маанилер пайда болот. Негизги этиштер дээрлик өзгөрбөстөн кала берет. Ал эми ар түрдүү этиштик категориялар боюнча өзгөрүүлөргө жардамчы этиштер гана дуушар болот. Мисалы: Бир күнү айылдагы адамдар Жакшылык ырчынын ырын угуу үчүн келип жатышты. (С.Каралаев) Бул жерде келип жатышты деген татаал этиштин тутумундагы сөздөрдүн биринчиси - негизги этиш, экинчиси - жардамчы этиш. Жакшылык ырчынын ырын угуу үчүн элдин келгендиги тууралуу кыймыл аракетти ошол татаал этиштин биринчиси (келип) аткарды. Бул сөз өзүнүн кыймыл-аракеттик (этиштик) маанисинде турат, ошондуктан ал негизги этиш. Ал эми экинчиси (жатышты) болсо, өзүнүн кыймыл-аракеттик (этиштик) маанисин сактаган жок. Ал негизги этиштин (келип) көптүк сандагы үчүнчү жак жана өткөн-учур чак маанилерин билдирүү менен гана чектелди. Ошондуктан ал - жардамчы (көмөкчү) этиш.
Кыргыз тилинде негизги этиштер ар дайым чакчыл формасында болот: Киноаппарат лентаны бир калыбында имерип, согуш өз алдынча күчөй берди. (Ч.Айтматов) Ана, жаңыдан келген Эдил бапкесинен күндөлүгүн сууруп чыкты. (О.Айтымбетов).