Чакчылдардын өзгөчө белгилери

Чакчылдар билдирген маанилер эки түрдүүчө болот. Биринчиден, алар адатта негизги этиштин тутумунда келип, грамматикалык маанилерден ажырап, лексикалык кыймыл- аракет маанилерин гана туюндуруп калат. Экинчиден, накта чакчыл турпатында келип айтылып, грамматикалык чакты, жакты жана сан маанилерин көрсөтпөй туруп, объектинин же субъектинин негизги этиш көрсөткөн кыймыл-аракетине кошумча болгон кыймыл-аракетти билдирет. Башкача айтканда, негизги этиштер билдирген кыймыл-аракет, ал-абалдарды толуктап, сүйлөмдүн өз алдынча турган мүчөсү  болуп келет. Демек, чакчылдарда нагыз кыймыл-аракет, ал-абал маанилери менен кошо ошол кыймыл-аракет, ал-абал маанилеринин түрдүү кырдаалдарын билдирер касиети да болот.

Ошентип, кыргыз тилиндеги чакчылдар этиштик гана эмес, тактоочтук касиеттерге да ээ болот.

Чакчылдардын этиштик белгилери:

а). Чакчылдар кыймыл-аракетти же ал-абалды билдирет, бирок төмөнкүдөй өзгечөлүктөрү бар:

  1. Башка кыймыл-аракетти же ал-абалды мүнөздөө үчүн колдонулганда чакчылдар билдирген кыймыл-аракет же ал-абал кошумча кыймыл катары каралат. Мисалы: - Ата, мен алтын кушту таап келмейинче кайтпайм, - деди баласы. (Жомок) Сүйлөмдө кайтпайм деген аракет менен кошо аны коштогон кушту таап келүү кошумча аракети бар. Ойлонуп жооп берди. Бул жерде жооп берген кыймыл-аракет менен кошо кошумча кандайдыр түйшөлгөн (ойлонгон) аракет да бар. Алар бири-бири менен шыбыраша сүйлөшүп жатышты. Негизги кыймыл-аракет сүйлөшүп жаткандык болуп, аны шыбырашкандык аракети толуктап турат.
  2. Татаал этиштин тутумунда колдонулганда этиштик негизги кыймыл-аракет же ал-абал маанисин билдирет. Грамматикалык чак, жак жана сан маанилери жардамчы этиштердин тулкусуна өтүп кетет. Мисалы: Үчүнчү курста окуп жатабыз. Биздикилер чечкиндүү чабуулга өтө башташты. («Ала Тоо»).
  3. Айкын келер жана татаал учур чак формаларда кыймыл- аракет же ал-абал маанисин сактаган этиштик негиз катары колдонулат. Мисалы: Мен азыр чуркап чыгам.  Сынак тапшырып жатам.

б). Чакчылдар мамиле маанилерине да ээ болот. Бул учурда чакчылдын мүчөсүнөн мурда тиешелүү мамиле мүчөсү жалганып келет. Мисалы:

Аркылуу мамиле:

в). Аналитикалык форманын же татаал этиштин тутумунда айтылганда чак маанилерин да билдире берет. Анткени, мындай учурда анын чакчыл мааниси эмес, кыймыл-аракет мааниси биринчи планга чыгат. Мисалы: Бүбүкан талаага кетип баратып, бирдемесин унутуп үйгө кайта келгенде абышка- кемпирдин урушунун үстүнөн чыкты. (У.Абдукаимов) Балыкчы аркылуу жүрүп олтуруп, Бишкекке кечке жеттик. (Т.Адышева) Көч жүрө-жүрө түзөлөт. (Макал).

г). Чакчылдар этиштик оң жана терс формаларда да айтыла берет. Мисалы: Бара көрөрбүз. Барбай көрбөйсүңөр.

д). Татаал сүйлөмдөрдө багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочунун     милдетин            аткарып, сүйлөмдөрдү байланыштыруучу касиетке да ээ болот. Мисалы: Бүгүн эртең менен Дадый мырза табыпчыга бейкасам чапан жаап, шалпаң кулак торуну тартуу кылып, кышкы согумун мойнуна алды. (Т.Абдумомунов).

Чакчылдардын тактоочтук белгилери:

Чакчылдар этиштин грамматикалык категориялары менен өзгөрбөгөн кыймыл-аракетти, ал-абалды билдиргендиктен тактоочторго да окшоп кетет. Алардын ошол тактоочтук белгилери төмөнкүлөр.

а). Тактоочтордой эле чакчылдар да көбүнчө кыймыл- аракеттин аткарылышындагы ар түрдүү кырдаалдарды билгизет. Мисалы: Каткыра күлүп алып, сөзүн улантты. Кыймыл- аракеттин сын-сыпат кырдаалы каткыра деген чакчыл аркылуу көрсөтүлдү.

б). Жөнөкөй сүйлөмдөрдө өз алдынча колдонулганда дайыма этиштер менен айкалышып келип, бышыктоочтун милдетин аткарат. Мисалы: Бирок дале күйүп-сүйүп ыр жазат, бар го эсинде кечээги өткөн жаш чагы. (Т.Байзаков).

в). Өзүнөн кийин келип айкашып турган этиш сөз менен дайыма ыкташуу жолу аркылуу байланышат. Мисалы: Атамды жакшы                доктурларга     көрсөтүп,          жанынан           чыкпай                 отуруп багам.  (Т.Абдумомунов)  Торсолоңдоп  чуркап  барып,  Осмон көбүргөндөн тутамын толтура жулуп келди. (Ш.Бейшеналиев). Сүйлөм ичинде чакчылдардын орду бир кылка эмес. Алар дайыма эле чакчыл маанисинде колдонула бербейт. Ошентип, чакчылдар эки түрдүүчө кызмат аткарат.

Биринчиден, чакчылдар адатта экинчи түгөй болуп келгенде, накта чакчыл маанисин толук сактайт да, татаал чакчыл болот: Апам мени көрө салып, бригадирдин сөзүн бөлүп жалынды. (Ч.Айтматов) Жээренче чечен бир күнү баласын ээрчитип келе жатып сөз баштады. (Жомок).

Экинчиден, чакчылдар биринчи түгөй болуп келгенде, чакчыл мааниси солгундап, жак, чак, санды билдирбеген кыймыл-аракет же ал-абал маанисин гана туюндуруп калат. Мындай учурдагы татаал формалар татаал этиш да, татаал чакчыл да боло берет: Азыр да ошол ажыдаардын денеси чынардын ортосунда толгонуп, оозун аңырайта ачып турат. (Жомок). Бул сүйлөмдө чакчыл биринчи түгөй болуп келип, татаал этишти (аңырайта ачып турат) уюштурду. Марага чыгып келип, элдин жер дүңгүрөткөн дуусуна кулагы тунуп турчу күндөр артта калды. (Ч.Айтматов) Бул сүйлөмдө чакчыл биринчи түгөй болуп келип, татаал чакчылды (чыгып келип) уюштурду.

Чакчыл түгөйлүү татаал чакчылдардын экинчи түгөйүндө кандайдыр чак мааниси кошо болот. Мындай учурда чакчыл сөздөрдүн -ып, -ганы мүчөлөрү өткөн чак маанилерин, ал эми -а, -й, -ганча, -гыча, -майынча мүчөлөрү кандайдыр деңгээлде келер чак маанилерин кошо билдирет. Мисалы: Көптүн ортосуна чыгып, эки колун шымынын чөнтөгүнө салып коюп, ары-бери басып турса, тонунун этеги күүдүр-күүдүр эткени али кулагымда. (Т.Сыдыкбеков) Ошол кезде Жоломан акең кырдын башында туруп алып, ырдап койо берет дейсиң! (М.Элебаев) Айтор, Субанкулду күтүп отурганча кеч болуп кетти. (Ч.Айтматов).

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter