Этиштин жакталышы

Ар кандай мамиле жана ыңгай формасындагы этиштерде кыймыл-аракетти аткаруучу тараптар, башкача айтканда, логикалык субъектилер болот. Алар сүйлөөчү тарап жана өз ара сүйлөшүүгө катышпай турган өзгө тараптар  болушу  мүмкүн. Биз жогоруда белгилегендей, бул тараптар биринчи жак (мен, биз), экинчи жак (сен, сиз, силер, сиздер) жана үчүнчү жак (ал, алар) деп аталат. Жактар тууралуу жогоруда айтылды.

Этиш сөздөрдүн жак жана чак боюнча өзгөрүшү этиштин жакталышы деп аталат.

Этиштин жакталышында жак мүчөлөрдүн кыскарган түрү төмөнкүдөй учурларда колдонулат:

1). Жекелик сандагы айкын келер чактын биринчи жагында: барам, турам, сүйлөйм, күлөм, дейм, койом, басам, кийем, жатам, ичем, келем ж.б.

2). Татаал учур чактын жекелик сандагы биринчи жагында: бара жатам, көрсөтүп турам, айтып жатам ж.б.

3). Шарттуу ыңгайдын -са мүчөсү уланган биринчи жана экинчи жакта: барсам, келсем, көрсөм, барсаң, келсең, көрсөң ж.б.

4). Айкын өткөн чактагы этиштердин биринчи жактын жекелик жана көптүк түрүндө, экинчи жактын жекелик түрүндө: бардым, бардык, бардың, бардыңар ж.б.

5). Эле көмөкчү (жардамчы) этиш менен келген этиш сөздөрдө: барат элем,  баргай элем, барчу элең,  барган элек, бармак элеңер ж.б.

6).  Биринчи  жактагы  жалпы  өткөн  чак  этиш  сөздөрдө: баргам, келгем, кургам, баскам, жаткам ж.б.

7). Тилек ыңгай формасындагы биринчи жана экинчи жак этиш сөздөрдө: баргым, келгим, сүйлөгүм, жаткым келди, баргың, сүйлөгүң, келгиң жок ж.б.

Этиштердин жакталышында мамиле, ыңгай, оң-терс жана чак маанилер да кошо берилиши мүмкүн. Мына ушул этиштик грамматикалык категориялардын кошо айтылышы менен этиш сөздөрдүн жакталышында өз ара айрымачылыктар бар. Мындай айырмачылыктар анча  деле арбын эмес. Анткени, кыргыз тилинде уңгуга жалганган форманттардын ар бири өзүнөн мурункусунун маанисин солгундатып жүрүп олтурат. Этиш сөздөгү грамматикалык негизги маани эң акыркы болуп жалганган мүчөгө (формантка) тиешелүү, өзгөрүүгө да ошол акыркы мүчө дуушар болот. Андан мурда жалганган мучө (формант) дайыма жалганыш формасын сактайт: кел-е-сиң, кел- ген-сиң, оку-т-кан-мын ж.б.

Көпчүлүк учурда жак көрсөткүчтөр өзүлөрүндө чак маанилерди кошо ала жүрөт. Ошондуктан этиштин жакталыштарын этиштин чактарынан ажыратып  кароого мүмкүн эмес, себеби, кыймыл-аракетти дайыма мезгилдик катнаштан туруп гана тааныйбыз.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter