Биз буга чейин этиштин өзүнө тиешелүү жак, сан, чак, жана мамиле, ыңгай категориялары боюнча өзгөргөн формалары менен тааныштык. Башкача айтканда, этиш сөздөрдүн өзүнүн кыймыл-аракеттик, ал-абалдык лексика-грамматикалык негизги маанисин сактап, сүйлөм ичинде ар түрдүү грамматикалык формаларда өзгөрүү жөндөмдүүлүктөрүнөн түшүнүк алдык. Даана кыймыл-аракеттик, ал-абалдык маанилерди сактаган сөздөрдү, чыныгы этиштерди окуп үйрөндүк.
Кыргыз тилинде этиштердин кыймыл-аракеттик, ал- абалдык лексика-грамматикалык негизги маанилерин сактай бербеген ар түрдүү көрүнүштөрү да бар. Аларды биз этиштин өзгөчө формалары деп атап, чакчылдар, атоочтуктар жана кыймыл атоочтор деген үч топко бөлүп карайбыз. Булар чыныгы этиштердей болуп жак, сан, чак, мамиле жана ынгай категориялары менен өзгөрө бербейт. Төмөндө этиштин өзгөчө формаларынын ар бирине айрым-айрым токтолобуз.