Кыймыл-аракеттин биз сүйлөп жаткан мезгилден мурда болгонун билдирген этиштин өзгөргөн формалары өткөн чак деп аталат. Кыргыз тилинде өткөн чакты билдирген атайын грамматикалык каражаттар бар. Өткөн чак үчүн этиштин суроолору да ушул грамматикалык каражаттарды кабыл алып, эмне кылды? эмне кылган? эмне кылыптыр? эмне кылчу? деген формаларда берилет.
Өткөн чактын грамматикалык каражаттары (мүчөлөрү) болуп -ды, -ган (-гандыр), -ыптыр (-ып), -чу мүчөлөрү эсептелет. Мисалы: Курманбек кырк жигити менен келип аттан түштү. («Курманбек») Казына катылган жердеги көрүстөнгө ал үчөө жайдын капортосу ченде, эл-журт толук жайлоого көчкөн кезде келишкен. (А.Стамов) Жакыпка кыз жүргөндөй көрүнүптүр, асманда спутникке түшүп алып. (О.Султанов) Чоронун кечиримсиз жумшактыгын аябай сынга алчу. (Ч.Айтматов).
Аналитикалык жол (синтаксистик жол) менен уюшулган этиштердин, башкача айтканда, татаал этиштердин өткөн чак формаларында да жогорку грамматикалык каражаттардын кайсы бири сөзсүз катышат. Мисалы: Салиянын кара дермантин менен капталган эшиги бар экен, түртсө эле ачылып кетти. (М.Гапаров). Ой, менин жигиттерим келип калган тура! (Т.Абдумомунов) Сенин кебете-кешпириңе карап туруп, эби- сыны жок талпайган бир итине бактырып коюптур. (К.Жантөшев) /йдө керегеге, жолдо ээр кашына илип койчумун. (Т.Сыдыкбеков).
Өткөн чак этиштерде кыймыл-аракеттин болгон, боло турган кырдаалдары ар кандай болот. Өткөн чак мүчөлөрү ар башка кырдаалдарда өткөн чакты билдирүүчү маанилери боюнча бири-биринен ар кандай өзгөчөлүктөргө ээ болуп, башка-башка маанилерди билдирет. Ошондуктан өткөн чакты уюштуруучу жогорудагы грамматикалык каражаттардын (мүчөлөрдүн) маанилерине карап, азыркы кыргыз тилиндеги өткөн чак этиштерди төмөнкүдөй төрт топко бөлөбүз:
- айкын өткөн чак (-ды)
- жалпы өткөн чак (-ган)
- капыскы өткөн чак (-ып, -ыптыр, -тыр)
- адат өткөн чак (-чу, -уучу)
Өткөн чактын маанилик жактан бөлүнүшүн тактап чыккан изилдөөлөр аз. Кээ бир окуулуктарда, айрым эмгектерде жакынкы өткөн чак, белгисиз өткөн чак, байыркы өткөн чак деген сыяктуу терминдер жолугат. Чынында -ды мүчөсүнүн мааниси -ган мүчөсүнүн маанисине караганда берирээк мезгилди билдирет. Келдим, келдиң, келдиңиз, келди деген формаларда «азыр эле келдим, азыр эле келдиң, азыр эле келдиңиз, азыр эле келди» деп жакынкы мезгилди билдирер, али орун-очок ала элек маанилер бар. Ал эми Келгем (келгенмин), келгенсиң, келгенсиз, келген деген формаларда келип алып биротоло орун-очок алып калган, бир аз мурдараак аткарылган кыймыл-аракет маанилери кошо бар.
Мындан тышкары кыргыз тилинде өткөн чактын келгендирмин, келгендирсиң, келгендирсиз, келгендир; келген окшоймун, келген окшойсуң, келген окшойсуз, келген окшойт; келген шекилди, келдим шекилди; келген чыгар, келди чыгар, келген болсо керек, келди окшойт, айтты көрүнөт, айттыңыз шекилди деген сыяктуу формалары да активдүү колдонулат. Бул маселе азырынча өз изилдөөчүсүн күтүп турат. Бирок, мындай көрүнүштөр ар кандай деңгээлдеги нормативдик грамматикалардан орун алууга толук укуктуу. Булар өткөн чактын жогоруда көрсөтүлгөн топторунда чагылдырылып берилди.