Зат атоочтордун синтаксистик жол менен жасалышы

Зат атоочтор эки же андан көп уңгулардын (сөздөрдүн) биригишинен да жасалат. Мындай сөздөр татаал зат атоочтор болушат. Синтаксистик жол менен жасалган зат атоочторду, татаал зат атоочторду, кош зат атоочтор, кошмок зат атоочтор, кыскартылган зат атоочтор деп топторго бөлүштүрөбүз.

Татаал зат атоочтордун тутумундагы уңгулар (сөздөр) маанилик жактан бири-биринен ажырагыс болот. Алар ошол турушу менен биригип туруп бир эле лексикалык маани берет. Сүйлөмдүн да бир эле мүчөсүнүн милдетин аткарат.

Татаал зат атоочтордун, дегеле татаал сөздөрдүн, жөнөкөй сөздөрдөн айырмасы, алар жөнөкөй сөздөрдөй болуп эрин жана таңдай күүсү менен өзгөрө бербейт. Биринчи түгөйдө ичке үндүүлөр же эринчил үндүүлөр болсо, экинчи түгөйдө жоон үндүүлөр же эринчил эмес үндүүлөр боло бериши мүмкүн. Татаал зат атоочтордогу үндөштүк мыйзамы анын ар бир түгөйүнүн өзүнүн гана чегинде жүрөт.

 

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter