-көй курандысы аныкталгычтагы кандайдыр өнөкөт сапаттык белгини билдирет: намыскөй бала, тамашакөй киши, амалкөй адам.
-дар курандысы жалганган заттын аныкталгычта бар экендигин, ага тиешелүү болгондугун көрсөтөт: карыздар киши, кабардар адам, жарадар жоокер, кусадар жүрөк, өкүмдар улук.
-ий курандысы аныкталгычта кээ бир абстракттуу түшүнүктөрдүн бар экендигин түшүндүрөт: илимий даража, тарыхый окуя, саясий портрет, табигый көрүнүш, рухий (руханий) дүйнө, диний китеп.
-дак курандысы жалганган заттын аныкталгычта мол экендигин билдирет: таштак жол, кумдак жер, саздак токой, муздак жел.
-мер курандысы аныкталгычта кандайдыр заттын арбын экендигине байланыштуу касиетти билдерет: ишмер жигит, сөзмөр киши.
-аң курандысы аныкталгычтагы касиеттин, сапаттын салыштырмалуу төмөн, аз же кичирээк экенин билдирет: түзөң жер, жашаң чөп, кыраң жер.
-сөөк курандысы аныкталгычтагы бир нерсеге берилгендик касиетти билдирет: баласаак киши, үйүрсөөк айгыр.
-караак курандысы аныкталгычтын бир нерсеге берилгендик касиетин көрсөтөт: оюнкараак бала.
-кел курандысы аныкталгычтын сапатында кайсы бир заттын мол экендигин билгизет: эткел жигит.
-дач курандысы аныкталгычтын тулкусундагы өзгөчөлүк касиетти билдирет: кырдач мурун.
-өм курандысы кайсы бир затты аныкталгычтын белгиси катары көрсөтөт: көркөм сөз.
-гыл курандысы менен аныкталгычтын тутумунда тигил же бул заттын бар экендиги көрсөтүлөт: киргил суу, кычкыл зат.
-тал курандысы аныкталгычтагы белгинин өтө назик экенин билдирет: сезимтал жүрөк.