Кыргыз тилинде этиш сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал этиштер болуп экиге бөлүнөт.
Жөнөкөй этиш сөздөр бир гана уңгудан турат: бас-, тур-, отур-, сүйлө-, аткар-, учкаш-, бекин-, ойгон-, кыймылда-, уйкусура-, мыкчы-, жөлөн- ж.б. Жөнөкөй этиштер түзүлүшү боюнча уңгу сөздөрдөн (ич-, айт-, бас-, ук- ж.б.) жана курандылар аркылуу жасалган туунду сөздөрдөн (камчыла-, сүйлө-, этсире-, каардан-, камын- ж.б.) турат.
Татаал этиш сөздөр эки же андан көп уңгудан туруп, бир гана кыймыл-аракетти же ал-абалды билдирет: тосуп чык-, ойлоп тап-, чаап ташта-, коштоп жүр-, баш бак-, кол кой-, алдан тай-, тарс эт-, тартып бара жат- ж.б.
Татаал этиштердин грамматикалык маанилерин анын тутумундагы көмөкчү (жардамчы) этиштер уюштурат. Алар дайыма татаал этиштин экинчи түгөйү болуп түшөт. Ал эми биринчи түгөй болуп негизги этиштер, атооч сөздөр же тууранды сөздөр кызмат кылат (бул маселени ылдыйдан караңыз).
Сүйлөмдө татаал этиштер да жөнөкөй этиштердей эле кызмат аткарат, башкача айтканда, эки же андан көп сөздөн турганына карабастан сүйлөмдүн бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарат. Мисалы: Элге бат алынып кетти, кыргыз топурагын баскан биринчи профессор дешип аны урматтай башташты. (С. Станалиев)
Ээлеген орун тартиби боюнча негизги этиш биринчи, жардамчы этиш дайыма экинчи (арткы) болуп келет.
Түрк тилдериндеги татаал этиштер маселеси окумуштуулар арасында олку-солкулуктарды туудуруп келет. Кыргыз тилинде деле бул маселе бир жактуу чечилишке ээ боло элек. С. Кудайбергенов этиштердин синтаксистик жол менен жасалышын бир топ кеңири баяндап, «атоочтук уңгулуу татаал этиштерге» жана «этиштик уңгулуу татаал этиштерге» ажыратат1. Ал эми С.А.Давлетов болсо, «этиштин аналитикалык формалары жана аналитикалык форманттар» деп өзгөчө бөлүп сүрөттөп жазат да2, этиштин «синтаксистик жол менен жасалышын» баяндап келип, «...бир катар окумуштуулар тарабынан этиштин аналитикалык формалары катары каралган фактылар экинчи бир окумуштуулар тарабынан татаал этиш катары, же анын тескерисинче каралып келе жатат. Демек, татаал этиш менен аналитикалык формадагы этиштер жөнүндөгү маселе али такталып чечиле элек»3 деп айтат.
Кыргыз тилиндеги этиштин мындай айтылыштарын лексикалык маанилер алкагынан караганыбызда алар татаал этиштик маанилерди берет. Алсак, жыгылды, жыгылып кетти, жыгылып кете жаздады деген үч түрдүү айтылыштын үчөө тең бирдей эле чак, жак, сан формаларында айтылганы (жекелик сан, үчүнчү жак, айкын өткөн чак) менен ар башка мазмундагы кыймыл-аракетти билдирип турат. С.Кудайбергеновдун «лексикалашкан татаал этиштер» деп айтканынын жөнү бар. Чынында «аналитикалык» деген терминдин өзү деле «тутумунда бири-бири менен ширелишпеген, бирок, маанилик жактан ажырашкыс түгөйлөрү бар» деген маанини туюндурат.
Ошентип, биз этиштин аналитикалык формаларын татаал этиштер катары талдап сунуш кылдык. Албетте этиш сөз түркүмүнүн татаал формалары грамматикада өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Анткени, этиш сөздөр атооч сөздөрдөн абстракттуулук жагынан бир топ айырмаланат. Атооч сөздөргө конкреттүүлүк мүнөздүү. Ат атооч сөздөр гана - өз алдынча турганда абстракттуу сөздөр. Бирок алар деле жандуу тилде дайыма өздөрү алмаштырган атооч сөздөргө текст маанисинде байланыша келип, конкреттүүлүк маанилерди ала жүрүп колдонулат.
Этиштер болсо - кыймыл-аракет, ал-абал сөздөр. Ал эми кыймыл-аракет менен ал-абалды биз эч убакта көрбөйбүз, ошол кыймыл-аракетти же кандайдыр бейпилдик абалды заттардын тулку-турпатынан гана туюп билебиз. Ошондуктан, кыймыл- аракеттин же бейпилдик абалдын кыска мөөнөттө же узак убакытта болгондугун туюндурууда колдонулган сөздөрдө өзгөчөлүк болбой койбойт.
Эскертүү: Китепке татаал этиштер деп жазганыбыз менен, бул маселени бир жаңсыл чечилди деген пикирде эмеспиз. Кыргыз тилиндеги татаал этиштер атайын лингвистикалык терең иликтөө жүргүзүүнүн обөектиси боюнча калып келе жатат.
1.) Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: морфология. Фрунзе, 1980. 140-159б.