Жаратылыштагы заттар, жаныбарлар, нерселер эсепсиз. Ошондуктан алар жалпы аталыштарынан тышкары өздөрүнө окшош же бирөңчөй башка заттардан, нерселерден, жаныбарлардан айырмаланган аталыштарга да муктаж. Антпегенде биз, мисалы, кайсы бир кишини миңдеген башка адамдардан, кандайдыр бир жаныбарды (мисалы итти, атты) башка ошол типтеги жаныбарлардан (башка иттерден, башка аттардан) ажыратып чакыра албайбыз. Мына ушундай зарылчылыктардан улам бирөңчөй заттардын ичинен кайсы бирине өзгөчө ат берип, аны башкаларынан ажыратып атап билебиз.
Ошентип, бардык зат атооч сөздөр заттарды атоо касиети боюнча энчилүү жана жалпы аттар болуп эки топко бөлүнөт.
Жалпы аттар бир тектеги заттарды, жан-жаныбарларды, башка түшүнүктөрдү жалпы жонунан бириктире атайт. Мисалы: ата, эне, киши, бала, небере, таята, жазуучу, мерген, токой, карышкыр, китеп, ыр, көмүр, кыял, ой ж.б.
Алсак, бала же мерген дегенде биз бир гана баланы же мергенди эмес миңдеген баланы, мергенди түшүнөбүз. Балдар да мергендер да көп. Алардын бардыгын ушул сөздөр менен жалпылап атайбыз. Демек, бала, мерген деген зат атоочтор - жалпы аттар. Анткени, бала, мерген деген сөздөр тигил же бул заттын гана мүнөздүү болгон жекече өзгөчөлүгүнө жараша энчиленип берилген ат эмес. Бала жаш адамга же кээде жаш жаныбарга тиешелүү жалпы аталыш болуп эсептелет, мерген аңчылык кылган адамдардын бардыгын атай турган сөз. Булар бирөңчөй болгон заттарды, жаныбарларды, башка түшүнүктөрдү жалпылап атайт.
Жалпы аттар сүйлөмдүн башына келсе гана баш тамга менен жазылып, калган учурларда дайыма кичине тамга менен жазылат.
Энчилүү аттар кандайдыр бир тектеги заттардын, жан- жаныбарлардын ичинен бирөөн бөлүп көрсөтүп, ошонун өзүнө гана тиешелүү ат болуп эсептелет. Башкача айтканда, затка же жаныбарга, көбүнчө адамга энчиленип коюлат: Асан, Назима, Жамийла, Асанов, Чолпонбаева, Тоголок Молдо, Аккула, Телтору, Сарала, Бөрүбасар, Нарын, Тогузбулак, Тоң, Кыргызстан, /ркөр, «Зарыгам», «Сынган кылыч», «Кыямат» ж.б.
Энчилүү аттар төмөнкүдөй тематикалык топтордон турат:
- Кишилердин аттары, бүлөяттары (фамилиялары), ылакап аттары, атысмылары: Айсалкын, Жамийла, Данияр, Жаныбек, Табышалиев, Ахунбаев, Ачылова, Култегин, Тоголок Молдо, Балка, Элебаевич, Исаковна ж.б.
- Жаныбарларга энчиленип коюлган аттар: Аккула, Алгара, Сарала, Чалкуйрук, Тайтору, Тайбуурул, Мааникер, Кумайык, Жолборс, Алгыр ж.б.
- З. Жер-суу аттары: Аксай, Атбашы, Бишкек, Алматы, Жазы, Кеңкол, Соңкөл, Улуучат, /чдөбө, Барскоон, Оргочор, Чүй, Арал, Бакайата, Кызылсеңир, Калмаккырчын ж.б.
- Астрономиялык аттардын да энчилүү аттары болот: Алтынказык, Сатурн, Марс, Жетиген, Көнөк, Саманчы жолу ж.б.
- Китеп, газета, журналдардын, чыгармалардын аттары: «Келкел», «Манас», «Көк асаба», «Кыргыз туусу», «Эркинтоо», «Алатоо», «Эсимде», «Түгөйүм», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Абийир кечирбейт», «Атанын тагдыры» ж.б.
- Тарыхый окуялардын, мамлекет, мекеме, уюмдардын аттары: /ркүн, Кыргыз Республикасы, Түркия, Германия, Айыл чарба министрлиги, Бириккен улуттар уюму, Ош мамлекеттик университети, Кыргызтелеком акционердик коому ж.б.
- Орден, медаль, наамдардын аттары: «Даңк» медалы, Кыргыз эл баатыры, Баатыр эне, Кыргыз республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз республикасынын эл артисти, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими ж.б.
Кыргыз тилинде энчилүү аттар жалпы аттардан айырмаланып, сүйлөмдүн ортосунда да, аягында да дайыма баш тамга менен жазылат.
Тилде энчилүү аттардан жалпы атка жана, тескерисинче, жалпы аттан энчилүү атка айланган кубулуштар да арбын. Мындай маанилик жылыштар дайыма болуп турат.
Мисалы, кишиге ысым катары коюлган Анар, Тилек, Кеңеш, Сейил, Кабыл, Токтосун, Эсен, Аман деген сөздөр жалпы аттардан энчилүү аттарга айланган. Мисалы: Асан анар сатып келди. Аскар окуумду улантам деп тилек кылды. Касым жакшы кеңеш берди. Бак аралап сейилдеп жүрдүк. Ал жоош, кабыл бала. Айтчы, токтосун, мынча зуулдатпай, аман, эсен экенибизде түшүп калалы деген сүйлөмдөрдөгү анар, тилек, кеңеш, сейил. кабыл, токтосун, эсен, аман деген сөздөр – жалпы аттар. Анар үчүнчү курста окуйт. Шаардан Тилек менен Кеңеш келип калды. Балдарымдын улуусу Сейил, ортончусу Кабыл, кичүүсү Эсен. Токтосун менен Аман экөө бир класста окуган деген сүйлөмдөрдөгү Анар, Тилек, Кеңеш, Сейил, Кабыл, Токтосун, Эсен, Аман деген сөздөр – энчилүү аттар.
Ал эми бүткүл дүйнөлүк мааниге ээ болгон ом (өткөргүчтөгү каршылыкты өлчөө бирдиги), ампер (электр тогунун күчүн өлчөө бирдиги), кулон (электр тогун өлчөөнүн бирдиги), вольт (электр тогунун чыңалуусун өлчөө бирдиги), рентген (рентген нуру), герц (термелүү жыштыгынын бирдиги), боткин (сарык оорусу), август (август айы) сыяктуу сөздөр энчилүү аттардан, ошол түшүнүктөрдү ойлоп тапкан окумуштуулардын аттарынан жалпыланган түшүнүккө өтүп, жалпы ат болуп калган.
Энчилүү аттар жекелик санда гана айтылат, жалпы аттар болсо, жекелик санда да, көптүк санда да айтыла берет. Мисалы: Сапар, Кеңеш, Нарын, Каракол, Тайбас. Булар жекелик санда гана айтылат. Ал эми окуучу, тоо, көйнөк, кекилик деген сыяктуу жалпы аттар окуучулар, тоолор, көйнөктөр, кекиликтер болуп көптүк санда да айтыла берет, көптүк сандын -лар мүчөсүн кабыл алат.
Энчилүү аттарга да көптүктүн мүчөсү (-лар) уланып айтылышы мүмкүн. Бирок, бул учурда, жогоруда белгиленгендей, -лар мүчөсү жалганган сөздө көптүк сан эмес, жалпылоо мааниси, же божомол мааниси туюндурулат.
Мисалы: Чолпондор сынак тапшырып чыгышты. Бул жерде бир нече Чолпондор эмес, Чолпон жана башка бир нече студент (же окуучу) тууралуу чамалап-жалпылоо маанисинде айтылган сөз болду. Кулүктөр ушу Токмокторго барып калды. Бул сүйлөмдө бир нече Токмок шаары тууралуу сөз жүргөн жок. Токмок шаарынын ар жак, бер жагына же айланасына күлүктөр келип калды деген божомол маани берилип жатат. Энчилүү аттарга жалганган -лар мүчөсү өз маанисинде (сан көрсөткүчтөрү) эмес, өтмө маанилерде (божомол) колдонулду.