Өнүмдүү курандылар

Кыргыз тилиндеги дээрлик бардык куранды мүчөлөр уңгудагы (негиздеги) тыбыштарга карата өзгөрүп, бир нече варианттарда колдонулат. Биз төмөндө алардын баштапкы формасы деп эсептелген түрүн гана келтирдик.

-луу мүчөсү (байыркы формалары -лыг, -лык, -лы, -ты) өтө көп сын атоочторду жасап, эң өнүмдүү куранды болуп эсептелет. Бул куранды төмөнкүдөй маанилердеги сын атоочторду жасайт:

  1. Заттагы кандайдыр бир нерсенин бар экендигине байланыштуу касиетти билдирет: канаттуу куш, кумдуу жер, дарактуу кыштак, токойлуу талаа, ж.б.
  2. Аныкталгыч сөздүн өзүндө кандайдыр сапаттын, касиеттин бар экендигин билдирет: акылдуу кыз, эстүү бала, таланттуу жаштар, тартиптүү окуучу, билимдүү студент ж.б.
  3. Аныкталгыч сөздөгү сапаттык белги болуп эсептелген нерсенин арбын, мол же көп экендигин билдирет: оттуу жер, таштуу жол, чөптүү аянт, сүттүү уй, кылкандуу дан ж.б.

-сыз курандысы менен жасалган сын атоочтор -луу курандысы аркылуу жасалган сын атоочторго карама-каршы маани берет, башкача айтканда, бул эки мүчө бири-бирине антоним мүчөлөр болуп саналат. -сыз курандысы жалганып атооч сөздөрдөн жасалган сын  атоочтор  төмөнкүдөй маанилерди билгизет:

  1. Аныкталгыч сөздөгү кандайдыр бир нерсенин жок экендигине байланыштуу касиетти билдирет: суусуз жер, китепсиз окуучу, үйсүз киши, кантсыз чай ж.б.
  2. Аныкталгычтагы кандайдыр сапаттын, касиеттин аз экендигин, жетиштүү эместигин билгизет: алсыз адам,  эссиз кыз, акылсыз бала ж.б.
  3. Аныкталгыч сөздөгү кандайдыр сапаттын, касиеттин жок экендигин билгизет: тартипсиз окуучу, адилетсиз иш, даамсыз тамак, түссүз өң ж.б.
  4. «Сан», «эсеп» деген сөздөргө жалганып келсе, аныкталгычтагы ошол касиеттин молдугун, көптугүн билдирет: сансыз дүйнө, эсепсиз мал ж.б. Эпсиз (эпсиз көп) деген сөз да

«арбын» же «өтө эле мол» маанилерин берет. 

-дай курандысы (байыркы формасы -так, -даг) атооч сөздөрдүн дээрлик бардыгына жалганып сын атоочту жасоого жөндөмдүү. Ал төмөнкүдөй маанилерди берет:

  1. Аныктагычтагы сапаттык белгинин кандайдыр башка затка окшоштук касиетин билгизет: балдай таттуу, калемпирдей ачуу, булактай тунук, суудай таза ж.б.
  2. Аныктагычтын форма, көлөм, чоңдук белгилеринин кандайдыр башка затка окшоштук болгон касиетин билдирет: мончоктой жаш, кенедей акыл, карышкырдай сүр, аюудай айбат, кылдай ичке ж.б.
  3. * Кыймыл-аракеттин аткарылышына, жүрүшүнө окшош белгилерди, касиетти билгизет: оттой күйөт, балыктай сүзөт, чоң кишидей сүйлөйт, кишидей бас ж.б.

Эскертүү: Ушул маанисинде тактооч сөз түркүмүнүн эрежесине туура келет, бирок, биринчиден, сапат маани күчтүү болуп, экинчиден сын атоочту жасоочу мүчө сөз жасап жаткандыктан булар сын атоочтор болот.

  1. Аныкталгыч болуп келген сын атоочтогу касиеттин молдугун, арбындыгын, күчтүүлүгүн, көптүгүн билдирет: сүттөй ак, темирдей катуу, үйдөй чоң ж.б.

-лык курандысы (теги боюнча байыркы -лы, -лыг мүчөсү менен байланышат) аркылуу жасалган сын атоочтор да бир топ арбын, алар төмөнкүдөй маанилерди берет:

  1. Аныкталгычтын мезгилдик өлчөм, ченем касиетин билдирет: кыштык отун, жылдык киреше, айлык маяна; Күндүк өмүрүң болсо, түшкүсүнө жорго мин. (Макал)
  2. Аныкталгычка   арналуу   касиетти   билдирет:   күздүк буудай, жемдик арпа, комуздук жыгач, көйнөктүк кездеме ж.б.
  3. Аныкталгычтын көлөмдүк өлчөм, ченем касиеттерин билгизет: бир чакалык бал, беш сомдук акча, литрдик идиш, үч арабалык чөп ж.б.
  4. Аныкталгычтын башка затка тиешелүүлүк касиетин билгизет: окумуштуулук даража, студенттик күндөр, тармактык илим, класстык чогулуш ж.б.
  5. Аныкталгычтын тегине жараша орундук касиет белгисин түшүндүрөт: айылдык врач, шаардык кыз, бишкектик окумуштуу, элеттик балдар, суусамырлык чабан ж.б.

-лаш курандысы. Бул куранды этиш жасоочу -ла жана мамилелик -ыш мүчөлөрүнүн биригишинен келип чыккан. -лаш менен жасалган сын атоочтор төмөнкүдөй маанилерге ээ:

  1. Тууганчылык тек-жай касиетти билгизет: аталаш  ини, эмчектеш балдар, энелеш эки бир тууган ж.б.
  2. Аныкталгычтын орундук тек-жай касиет белгисин аныктайт: айылдаш кыздар, жердеш киши ж.б.
  3. Аныкталгычтын жашташ, куракташтык касиетин билдирет: курсташ балдар, классташ кыздар, замандаш курбу, курбалдаш бала ж.б
  4. Аныктагычтын кимдир бирөө менен кандайдыр пикирдештик касиетин билдирет: санаалаш теңтуштар, тилектеш дос, кесиптеш курбу, кызматташ киши ж.б.
  5. Аныкталгычтагы белгиге ортоктош, биргелештик белгилерди көрсөтөт: сырдаш курбу, өңдөш балдар, акылдаш теңтуш ж.б.

-чыл курандысы аркылуу уюшулган сын атоочтор төмөнкүдөй маанилерди билдирет:

  1. Аныкталгычтын  жөндөм,  шык  белгилерин   көрсөтөт: ойчул киши, баамчыл бала ж.б.
  2. Аныкталгычтагы көндүм, адат болуп кеткен белги касиеттерди билгизет: эмгекчил киши, уйкучул адам, суучул жигит ж.б.
  3. Аныкталгычтын кандайдыр башка затка ыктагандык касиетин билдирет: тууганчыл бий, жердешчил жетекчи ж.б.

-чан курандысын да биз өнүмдүүлөрдүн катарына коштук, анткени ал кийинки кездерде кабыл алынган жаңы сөздөрдүн көпчүлүгүнө жалганууга жөндөмдүү болуп баратат. Мындай сын атоочтор төмөнкүдөй маанилерге ээ:

  1. Аныкталгычтын кийген кийимине карата касиетин билгизет: кийимчен бала, жемпирчен киши, майкечен спортсмен, тончон абышка, жынсычан кыз, курткачан жигит ж.б.
  2. Аныкталгычтын унаасынын, улоосунун түрүнө байланыштуу өзгөлөнгөн белгисин билдирет: атчан аксакал, төөчөн киши, велосипедчен спортсмен, мотоциклчен жигит ж.б.
  3. Аныктагычтын алып жүргөн, көтөргөн буюму боюнча башкалардан айырмаланган белгисин көрсөтөт: жаачан спортсмен, мылтыкчан мерген, калканчан жоокер, найзачан желдет, сумкачан бала, баштыкчан аял ж.б.
 

 

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter