Сын атоочтун жасалышы

Сын атооч сөздөрдүн морфологиялык курамы өтө ар түрдүү. Уңгу сын атоочтор сан жагынан анча көп эмес: көк, боз, чоң, бош, ак, куу ж.б. Сын атоочтордун көпчүлүгү туунду сын атоочтор, алар сөз жасоонун морфологиялык жана синтаксистик жолдору менен жасалат.

Сын атоочтордун морфологиялык жол менен жасалышы атооч уңгулар жана этиш уңгуларга сын атоочтун курандыларынын жалганышы аркылуу жүзөгө ашат.

Сын атоочту жасоочу курандылардын бир тобу (мисалы: -лык, -чыл, -чан, -дар, -кор, -кер, -ма, -ынды, -гыч) зат атоочту жасоочу курандылардын катарында да бар. Мындай көрүнүш сын атооч сөздөрдүн көбүнчө затташып кетип, зат атооч катары колдонулуш өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт.

Мындай курандылар менен жасалган сөздөрдүн зат атооч, же сын атооч экендигин дайыма контекст аркылуу айырмалайбыз. Адатта зат атоочтор өзүнчө туруп, аларда заттык атоо мааниси басымдуу болсо, сын атоочтор дайыма өз аныкталгычы менен кошо келет да, заттык атоо мааниси эмес, затты аныктоо, башкача айтканда, заттын сын-сыпат, касиеттерин билдирген маанилерде болот. Мисалы: Атам жакты иштеп сыйлык алды. («Кырчын») Мында сыйлык деген сөз атооч маанисин билдирет, заттын атын атады, башкача айтканда, -лык мүчөсү менен жасалган зат атооч. Эми кыштык отунубузду тамдын бир жагына жыйып салабыз да, жерге самандан калыңыраак төшөп таштап, окууну баштай беребиз. (Ч.Айтматов) Бул жерде кыштык деген сөз аныктоо маанисин билдирди, аныкталгыч сөздүн (отун) кандай (кайсы?) экендигин көрсөтүп, -лык мүчөсү менен жасалган сын атооч болуп турат, башкача айтканда, бул жерде сын атооч жасалды.

Ошентип, сын  атооч жасоочу курандыларга аяр мамиле кылып, аларды дайыма контекст аркылуу аныктап түшүнүү зарыл деп эсептеп, төмөндөгү мисалдарда куранды мүчөлөр менен жасалган сын атоочторду алардын аныкталгычтары менен кошо келтирдик.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter