Сөз жасоо

Пикир алмашуу карым-катышындагы эң негизги тилдик бирдик – сөз. Сөздөрдүн бара-бара эскирип, унутулуп калаары, алардын маанилеринин өзгөрүп кетиши, маанилердин көбөйүп кетиши жана жаңы сөздөрдүн да пайда болушу тууралуу лексикологияда айтылган. Тилдин лексикалык корунун жаңы сөздөр менен улам толукталып байый бериш процесси башка тилдерден өздөштүрүлгөн сөздөр жана тиешелүү морфологиялык көрүнүш, сөз жасоо процесси аркылуу ишке ашат.

Сөз жасоо тил илиминин өз алдынча бөлүмү катары да каралат. Өзбек лингвисттери, мисал үчүн, сөз жасоону лексикология, грамматика сыяктуу эле бөлүм1 деп кабыл алып грамматика жазышкан.

Кыргыз тилинде сөз жасоо боюнча Ж. Шүкүров, Б.Ө. Орузбаева, С. Кудайбергеновдор атайын илим-изилдөө иштерин жүргүзүшүп, монографиялар жарыялашкан. Айрыкча академик Б.Ө. Орузбаева кыргыз тилиндеги сөз жасоо проблемаларын өтө терең изилдеп2, анын теориялык маселелерин, кыргыз тилиндеги сөздөрдүн жасалыш жолдорун ачып көрсөткөн.

Бирок, азырынча кыргыз тилинде сөз жасоону тил илиминин өз алдынча бөлүмү катары бөлүп көрсөткөн окуу китеп али жарала элек. Дээрлик бардык окуу китептерде3, академиялык грамматикада4 да ал морфологиянын тутумунда каралып келет.

Сөз жасоо чынында эле лексикология менен морфологиянын экөөнө тең тиешеси бар илим. Анын лексикологияга жакындыгы тилдеги лексикалык байлыкты иликтейт. Сөздөрдүн кантип жасалып, кайдан келип каларын, лексиканын толукталуу мыйзамдарын ачып көрсөтөт.

Ал эми морфологияга жакындыгы  сөздөрдүн жасалышында алардын тутумдук түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөрдү көрсөткөндүгүндө жатат. Сөздүн морфологиялык жол менен жасалышында да, синтаксистик жол менен жасалышында да анын тутумдук түзүлүшү иликтенбей калбайт. Ошентип, сөз жасоо тил илиминин өз алдынча бөлүмү болсо да морфологиянын сөздүн тутуму деген бөлүмү менен ажырагыс биримдикте каралат. Анткени, ар кандай сөздүн жасалышында грамматикалык  каражат   катары  эсептелген  курандылар   да, бири-бири  менен  биригип  бир  сөз  болгон  уңгулар  да  сөздүн тутумундагы мүчөлөр (морфемалар) болуп саналат.

Мына ушул жагдайлар бул окуу ктепте сөз жасоону тил илиминин морфология бөлүмүнүн тутумунда карап чагылдырууга мүмкүнчүлүк берди.

Жандуу көрүнүш болуп эсептелген тилдин сөздүк корунда өзгөрүүлөр болуп, өнүгүү процесси тынымсыз жүрүп турат. Себеби, турмуш бир ордунда катып калып, бир  калыпта болбойт. Адамзат ар качан алдыга, жакшы жашоого, дүйнөнү дагы да терең таанып билүүгө, дагы да терең өздөштүрүүгө умтула берет.

Демек, жаратылыш сырларын улам жаңыдан тереңдете өздөштүрүүлөр ишке ашып, табияттын таанып билине элек купуя сырлары адам акылына туруштук бере албай тааныла, билине берет. Ал эми бул процесстер, ар бир жаңы ачылыштардын, жаңыдан таанылып билинген жаратылыш сырларынын тилибиздеги жаңыча аталыштары менен коштолуп жүрүп олтурат. Башкача айтканда, лексика толукталат. Албетте, лексика мамиле-катнашта болгон тилдерден даяр сөздөрдү кабыл алуу менен да толукталат. Бирок, мындай процесске карганда тилдин өзүнүн ички ресурстарынын эсебинен толукталуусу бир топ арбын жана мол болот. Тилдин өзүнүн ички табиятына ылайык жаңы сөздөр жаралат. Куранды мүчөлөр ишке кирет, эки же андан көп сөздөр бир маани жаратуу үчүн биригишет. Ошентип, морфологиялык процесс жүрөт.

Сөз жасоо эки мааниде колдонулат.

  1. тилдеги атайы каражаттар аркылуу жаңы сөздөрдүн жасалышынын белгилүү мыйзам тартиби, эрежелери, жолдору;
  2. жаңы сөздөрдүн пайда болушу тууралуу илим.

Биз бул жерде сөз жасоонун алдагы биринчи маанисинде иш алып барабыз. Сөздүн жасалышы белгилүү деңгээлде грамматикалык кубулуш болуп саналат. Башкача айтканда, жаңы сөздүн пайда болушу үчүн тилдик бирдиктердин аракети, сөздөрдүн же сөз мүчөлөрүнүн (морфемалардын) бири-бири менен карым-катышка түшкөн аракеттеринин натыйжасы талап кылынат. Жаңы маани берүү үчүн, жаңы маани жаратуу үчүн тыбыштык жаңы курам, мурдагылардан башкача сырткы турпат жаралыш керек да, алар ошол жаңы маани маңызын өзүнө сиңирип алыш керек.

Ошентип, тил илиминде сөз жасоонун өзүнчө маанилери, типтери жана жолдору болот.

1 Шаабдурахманов Ш. ж. б. Хозирги узбек адабий тили. Тошкент. 1980. 167-б.

2 Орузбаева Б. О. Словообразование в киргизском языке. Фрунзе, 1964; Сөздүн курамы. Бишкек, 2000.

3 Кыргыз тилинин грамматикасы: морфология. Фрунзе, 1964; Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: морфология. Фрунзе, 1980; Абдувалиев И., Садыков Т. Азыркы кыргыз тили: морфология. Бишкек, 1997.

4 Кыргыз адабий тилинин грамматикасы. 1-бөлүк. Фонетика жана морфология. Фрунзе,1980.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter