Кошмок сөздөр

Тутумдашкан эки же андан көп сөздүн (негиздин) ортосундагы синтаксистик байланыш мааниси солгундап же жоголуп, алар биригип лексикалык бир гана мааниге ээ болуп калат. Мына ушундай татаал сөздөр кошмок сөздөр деп аталат. Мисалы: айбалта, аткулак, балчелек, колжазма, ишбилги, аккөңүл, ачкүсөн, көккытан, эчкемер, көзайнек, демалыш, чыпетме, атбагар, орунбасар, Мукамбеткалый, Тилебалды, Жетөгүз, Салкынтөр, Базаркоргон ж.б.

Кошмок сөздөрдө тутумдарынын жекече тургандагы маанилери эске алына бербейт. Алар биригип бир маани берет. Бирок, кандайдыр деңгээлде кошмок сөздүн тутумундагы жөнөкөй сөздөрдүн мааниси менен кошмок сөз маанисинде байланыштын болушу мүмкүн.

Кыргыз тилинде кошмок сөздөр өтө эле көп. Алардын уюшулуш, куралыш, түзүлүш өзгөчөлүктөрү да өтө ар түрдүү. Анткени, кошмок сөздөр дээрлик бардык сөз түркүмдөрүн камтып, бир тобу эки башка сөз түркүмүнө жата турган сөздөрдүн (негиздердин) биригишинен келип чыккан.

Кошмок сөздөрдө экиден ашык лексикалык маанидеги сөздөр биригип, башка лексикалык маани жаратат да, башкача грамматикалык маанилердин жаралышына негиз болуп кызмат кылуу милдетин аткарат. Булардын мына ушундай татаал табияты кыргыз тил илиминде азырынча өз изилдөөчүсүн күтүп келет. Ошондуктан, биз кошмок сөздөрдү бул эмгегибизде тигиндей-мындай деп топторго бөлүштүргөн жокпуз. Кошмок сөздөрдүн бөлүнүшү боюнча Б. Ө. Орузбаеванын1 эмгегин кароону сунуш кылабыз.

Кыргыз тилинде кошмок сөздөрдүн жазылышы да бир беткей эмес. Бир тобу бириктирилип жазылса, башкалары бөлөк-бөлөк жазылат. Чынында эле кулак сал-, дит бак-, кол кой-, ала кел-, таап ал- деген өңдүү этиштерди, кара сур, кызыл ала, кара күрөң, мала кызыл деген сыяктуу сын атоочторду, он беш, отуз сегиз, эки жүз  элүү алты, эки жарым өңдүү сан атоочторду, кимдир бирөө, кайсы бир, эч качан, эч кандай сыяктуу ат атоочторду,  ар дайым, ар убак, алда кайда, алда качан өңдүү тактоочторду, ойлоп табуучу, башкы командачы, пайдалуу кен, кенже лейтенант, маданий турмуш, Кыргыз улуттук университети, Бириккен улуттар уюму деген сыяктуу зат атоочторду бириктирип жазуу бир топ опурталдуу.

Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясында кошмок сөздөрдүн көпчүлүгүн бириктирип жазуу сунуш кылынган2. Аткулак, аттиш, акмай, алакөөдөн, ачкөз, ачарбак,  бакажалбырак, биртууган, бешилик,  бозулан, баңгизат, жансоога, жибеккурт, желаргы, жетата, зымтор, ишөргүү, ишсапар, көзайнек, карөзгөй, көкжал, колжазма, кызкуумай, кырарка, канталамай, кумшекер, күнкарама, көзайнек, окчонтой, орунбасар, сүттикен, чегара, эрсайыш, эстутум, Карабулак, Кызкүйөө, Кудайберген, Семизбел, Таабалды, /чтерек, Чымкоргон сыяктуу кошмок сөздөр таята, таяке, чоңене, быйыл, бүгүн, көкмээ, оозеки, басмайыл, чүгой, төөматек, жанбаш деген кошмок сөздөрдөй эле биригип, лексикалашып, бир маани берип турат. Булардын бардыгы ушул турпаты менен жазылып, ар кандай сөздүктөрдө ар бири ушул турпаты менен өз-өзүнчө макала болуп келип, реестрге чыгып жазылууга укуктуу.

1 Орузбаева Б.О. Словообразование в киргизском языке. Фрунзе, 1964. 184-222-б.

2 Кыргыз жазуусунун жаңы редакциясы. Бишкек, 2002.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter