Кыргыз тилинде зат атоочтор жаратылышынан эле жандуу заттар жана жансыз заттар болуп бөлүнөт. Өзүндө табигый кыймыл-аракети бар болгон зат атоочтор – жандуу заттар: адам, айбан, арыстан, ат, төө, чымын, курт, балык, бүркүт, улар ж.б. Ал эми өзүндө табигый кыймыл-аракети жок зат атоочтор – жансыз заттар: аска, зоо, токой, дарыя, үй, китеп, арпа, алма, автомобиль,телевизор, ачкыч, пахта, пияз, тал, терек ж.б.
Кыргыз тили үчүн зат атооч сөздөрдүн табиятынан эле минтип жандуу заттар жана жансыз заттар болуп бөлүнүшү бири-биринен айырмаланган өзгөчө грамматикалык маанилерге ээ боло бербейт. Анткени, бул эки топтогу сөздөр бири-биринен кандайдыр грамматикалык белгилери, же сөз өзгөртүүчүлүк белгилери, касиеттери боюнча айырмаланбайт. Жандуу заттар менен жансыз заттар сан категориясы боюнча өзгөргөндө да, таандык болуп өзгөргөндө да, жөндөмө категориясы боюнча өзгөргөндө да бири-биринен өзгөчөлөнбөйт. Башкача айтканда, сан, таандык жана жөндөмөлөр боюнча жандуу заттар кандай болуп өзгөрсө, жансыз заттар да так ошондой болуп өзгөрөт.
Ошондуктан, кыргыз тилинин грамматикасында зат атооч сөздөрдү жандуу заттар жана жансыз заттар деп бөлүп көрсөтүп окутуунун зарылдыгы жок.