Мамиле, ыңгай, оң, терс формаларда келген жөнөкөй этиштердин келер чак мааниси жак мүчөлөрү аркылуу туюндурулуп, жакталышта анчалык өзгөчөлүктөргө ээ боло бербейт. Биринчи жак мүчөлөрдүн толук түрүн да, кыскарган түрүн да кабыл ала берет: айтам, айтамын; сүйлөйм, сүйлөймүн.
Экинчи жак дайыма жак мүчөлөрдүн толук түрүн кабыл алат: айтасың, айтасыз; сүйлөйсүң, сүйлөйсүз. Негизинен учур чак этиштердин жакталышынан айырмасы жок жакталат.
|
Жекелик сан |
|
1-жак |
Барам (-мын) |
Барармын Барбасмын |
2-жак |
Барасың Барасыз |
Барарсың Барбассың Барарсыз Барбассыз |
3-жак |
Барат |
Барар Барбас |
|
Көптүк сан |
|
1-жак |
Барабыз |
Барарбыз Барбаспыз |
2-жак |
Барасыңар Барасыздар |
Барарсыңар Барбассыңар Барарсыздар Барбассыздар |
3-жак |
Барат (-ышат) |
Барар (-ышар) Барбас (-ышпас) |
Айкын келер чактагы татаал формаларда сан, чак жана жак маанилер көмөкчү этиштерде берилет, негизги этиштер чакчыл формада болот.
|
Жекелик сан |
|
1 |
Ала алам (-мын) |
Барып келем (-мын) Окуй берем (-мын) |
2 |
Ала аласың Ала аласыз |
Барып келесиң Окуй бересиң Барып келесиз Окуй бересиз |
3 |
Ала алат |
Барып келет Окуй берет |
|
Көптүк сан |
|
1 |
Ала алабыз |
Барып келебиз Окуй беребиз |
2 |
Ала аласыңар Ала аласыздар |
Барып келесиңер Окуй бересиңер Барып келесиздер Окуй бересиздер |
3 |
Ала алат (-ышат) |
Барып келет (-ышат) Окуй берет (-ышат) |
Атооч түгөйлүү татаал этиштер да ушул үлгүдө жакталат.
|
Жекелик сан |
Көптүк сан |
1-жак |
Баш багам (-мын) |
Үн салабыз |
2-жак |
Баш багасың Баш багасыз |
Үн саласыңар Үн саласыздар |
3-жак |
Баш багат |
Үн салат(-ышат) |
Арсар келер чактагы татаал этиштердин жакталышында негизги этиш чакчыл формасында болбойт. Бардык жактарда арсар келер чак мүчөсү (-ар) өзгөрүүсүз сакталып, этиштик сөз өзгөртүүчү көрсөткүчтөр көмөкчү (жардамчы) этишке жалганат.
|
Жекелик сан |
Көптүк сан |
1-жак |
Барар эле-м |
Барар эле-к |
2-жак |
Барар эле-ң Барар эле-ңиз |
Барар эле-ңер Барар эле-ңиздер |
3-жак |
Барар эле |
Барар (-ышар) эле |