а). Айрым бир курандылар аркылуу чамалама сан атоочтор жасалат.
-ча курандысы эсептик сандарга жалганып, чамалама сан атоочторду уюштурат: он бешче киши, алтымышча окуучу, кыркча китеп, жүзчө тоок ж.б.
-дай курандысы эсептик сандарга жалганып, чамалама сандарды уюштурат: жыйырмадай бала, отуздай дарак, элүүдөй жылкы ж.б. Бул мүчө сан атоочтун аныкталгычы болгон сан-өлчөм сөздөргө да жалганып, чамалама сандарды жасайт: он сомдой акчам бар эле, төрт киломертдей жол калды, он тоннадай жүк, беш барактай окуду, кырк кадамдай жер ж.б.
-даган (-ла+ган) курандысы да эсептик санга жалганып, божомол маанидеги сан атоочту жасайт: ондогон дептер алдык, уулум жүздөгөн кишилерди башкарат ж.б.
-ын (-ин) деген курандынын бир, эки эсептик сан атоочторуна жалганышынан да чамалама сан жасалат. Бул учурда дайыма кош сөз түрүндөгү сан атооч уюшулат: Айдаган бирин-экин малы да бар. (М.Элебаев) Бирин-серин шыбактын башы желге эрбеңдейт. (К.Баялинов)
Бирин деген сан атооч жонөкөй сан формасында келсе, сөзсүз татаал этиш формасынын тутумуна өтүп кетет: Таң атып, жыядыздар бириндей баштады. А.Щербак буга топ сан маанисин ыйгарган1.
б). Кээ бир уланды мүчөлөр менен да чамалама сан атоочтор жасалат. Көптүк санды уюштуруучу -лар мүчөсү сан атоочторго жалганса, көптүк маанини билдирбестен божомол, чамалоо маанилерин билдирет. Мисалы: Ал кечээ түнкү саат он экилерде келди. («Ала Тоо») Бабай өзү жетимиштерге келип калган, карылыгы жетсе дагы анчалык күчтөн кала элек чал. (М.Элебаев).
Мындай чамалама сандар кээде таандык жана жөндөмө мүчөлөрүн да кабыл ала берет: Ар айдын он бештеринде стипендия тийет.
в). Жаш куракты билдирип, эсептик санга жаш деген сөз көптүк санда келип уланса да чамалоо маанисин билдирет: алтымыш жаштарда, жыйырма жаштар куракта эле ж.б.
г). -лар мүчөсү иреттик сан атоочтордун мезгил маанисиндеги аныкталгычына жалганып да чамалама санды уюштурат: отузунчу жылдар, онунчу-он бешинчи кылымдар ж.б.
1.) Щербак А.М. Очерки по сравнительной морфологии тюркских языков. (Имя). - М.: Наука, 1977. - 155-б.