Тутумдары бири-бири менен мааниси боюнча ыкташып же таандык болуп байланышкан татаал зат атоочтор кошмок зат атоочтор деп аталат. Мисалы: аяккап, аткулак, бешбармак, жүзүкара, көкбөрү, окчонтой, сүттикен, корбашы, ишбилги, Атбашы, Бегимаалы, Кудайберген, Карабалта ж.б.
Кошмок зат атоочтор тутумундагы түгөйлөрүнүн өз ара байланышуу жолдору жана сөз түркүмдүк белгилери боюнча топторго бөлүнөт.
Түгөйлөрүнүн өз ара байланышуу жолдору боюнча төмөндөгүдөй топтордон турат.
- Түгөйлөрүнүн өз ара ыкташуу байланышы аркылуу тутумдашуусунан турган кошмок зат атоочтор: бешатар, кошаяк, жетата, төөкуш, аткулак, колгап, кайната, аккуу, балтажутар, эстутум, ишсапар, баңгизат, Ырыскелди, Мукамбеткалый, Тилебалды, Төрөкул, Карабалта, /чдөбө, Чатыркөл ж.б.
- Түгөйлөрүнүн өз ара таандык байланыш аркылуу тутумдашынан турган кошмок зат атоочтор: окуу жылы, төрөт үйү, карылар үйү, тап күрөшү, Кыргызстан аба жолдору, Бишкек гуманитардык университети ж.б.
Түгөйлөрүнүн сөз түркүмдук белгилери боюнча төмөндөгүдөй топтордон турат.
- Бардык түгөйлөрү зат атоочтон турган кошмок зат атоочтор: аткулак, ашказан, бакажалбырак, кыларкан, окчонтой, аяккап, малдогдур, ташкөмүр, сүттикен, Атбашы, Бегимаалы ж.б.
- Түгөйлөрүнүн бири сын атоочтон турган кошмок зат атоочтор: аксакал, карасөз, сарымай, ачарбак, Аксарай, Алабел, Каракулжа, Кеңкол, Сарыбай, Аккан ж.б.
- Түгөйлөрүнүн бири сан атоочтон турган кошмок зат атоочтор: жетата, кыркаяк, биртууган, миңтамыр, кошаяк, төртамал, үчилтик ж.б.
- Түгөйлөрүнүн бири этиштен турган кошмок зат атоочтор: жанартоо, күнкарама, келинжүгүн, балтажутар, башкесер, орунбасар, ойлоп табуучу, эчкиге төө сатам, Айтол, Жолболду, Тецирберди, Бээсыйбас, Бөрүбасар ж.б.
- Бардык түгөйлөрү этиштен турган кошмок зат атоочтор: киребериш, чыгабериш, алыпсатар, Таабалды (Табылды), Сатыбалды, Тилебалды, Кусубалды ж.б.
- Бардык түгөйлөрү сын атоочтон турган кошмок зат атоочтор: Аккула, Алгара, Көгала, Сарала ж.б.