Кыймыл атооч сөздөрдүн тутумундагы этиштик грамматикалык каражаттар ошол этиштик лексика- грамматикалык маанилердин сакталып жүрүп олтурушун шарттайт. Мындай атооч-этиш маанилик байланыштарын тилибиздеги агглютинация кубулушунун көрүнүштөрү катары кароого болот.
Ошентип, кыймыл атоочтордогу этиш сөз түркүмүнө тиешелүү белгилер деп төмөнкүлөрдү атап өтөбүз.
1). Атооч деп аталып, атооч сөз түркүмдөрүнө өтүп баратканы менен кыймыл атоочтордун түпкү тегиндеги кыймыл-аракет, ал-абал маанилери жоголбой жүрүп олтурат: окуу > оку-; жазуу > жаз-; билиш > бил-; келмек > кел- ж.б.
2). Тутумунда этиштин мамиле көрсөткүчтөрүн сактап, мамилелик маанилерди өзүлөрү менен кошо ала жүрөт. Мисалы: Келемин горизонттон горизонт кууп, көшүлүү гана керек эмес мага. (К.Сариева) Туюк мамиле көрсөткүчү -ыл (көшүлүү) туюк мамиле маанисин сактап турат. Жат жазуу жаздырыштын кереги жок деп чечтик. Аркылуу мамиле көрсөткүчү -дыр (жаздырыштын) аркылуу мамиле маанисин сактап турат.
3). Айрым учурларда кыймыл атоочтор этиштик баштапкы касиетин сактап, өздөрү менен бирге келген атооч сөздөрдүн тигил же бул жөндөмөдө келишин талап кылат. Мисалы: А дубалдын ар жагы жаңгак эле, ээси жок, эч адамга тийиши жок. (С.Акматбеков)