Зат атоочтордун жана жалпы эле атооч сөздөрдүн жөндөмө мүчөлөрү менен өзгөрүшүн жөндөлүш дейбиз.
Кыргыз тилинде жөндөлүштүн типтери маселеси анча тактала элек. А.Турсунов жөндөмөлөр жана жөндөмөлөрдүн маанилери жөнүндө кеңири жазып, бирок жөндөлүш тууралуу эч нерсе айткан эмес1. С.А.Давлетов жөндөлүштүн типтерине атайын көңүл бөлүп, зат атоочтун жөндөлүшүн «үч типке бөлүнөт: 1) таандык мүчөсүз сөздөрдүн жөндөлүшү; 2) таандык мүчөлүү сөздөрдүн жөндөлүшү; 3) аягы катар үнсүз (ск, нк, фт, нг, нд, мн) менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү»2 деп жазган. Т.Садыков болсо, жалаң эле зат атоочтордун эмес, «жалпы эле атооч жана айрым затташкан жаксыз этиш сөздөрдүн» да жөндөлө тургандыгын эске алып, жөндөлүштүн жөнөкөй жөндөлүш, татаал жөндөлүш деген эки түрү бар дейт3. А.Турсунов менен С.А.Давлетов да башка атоочтор менен этиштин айрым формаларынын жөндөлө турганын танышпайт, бирок алар алдагы ойлорун нукура зат атоочтор тууралуу сөз болгондо гана айтышкан.
Кыргыз тилинде аягы нк, ск, фт, кт, нг, нд, мн тыбыштары менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү алардын аягына бир үндүү тыбыштын кошулуп жазылышы гана болбосо, жөнөкөй жөндөлүштөн айымасы жок.
А |
Минск |
нефть |
танк |
банк |
И |
Минскинин |
нефтинин |
танканын |
банканын |
Б |
Минскиге |
нефтиге |
танкага |
банкага |
Т |
Минскини |
нефтини |
танканы |
банканы |
Ж |
Минскиде |
нефтиде |
танкада |
банкада |
Ч |
Минскиден |
нефтиден |
танкадан |
банкадан |
Бул жерде танк, банк деген сөздөрдүн жөндөлүшүн кыргыз тилинин нукура өз табиятына ылайык келтирип бердик.
«Жөндөлүштүн үч тиби бар» деген көз караштын эрежеси боюнча бул сөздөр жөндөлгөндө унгудан кийин «а» эмес, «ы» тыбышы жалганыш керек эле. Бул сыяктуу сөздөрдүн бардыгы акыркы эле элүү жылдыкта кабыл алынып, алардын жазылышы
«орус тилинен, же ал аркылуу башка тилдерден келип кирген сөздөр орусча кандай айтылса, ошондой айтылып, орусча кандай жазылса, ошондой жазылат» деген эрежеге ылайыкташып, нукура кыргызча болбой калган.
Ал эми гонг, ринг, фонд сыяктуу кабат үнсүздөр менен аяктаган сөздөрдүн жөндөлүшү «орусча кандай жазылса, ошондой жазылат» деген эрежеге эмгиче ылайыкташа бербей келет. Булар көбүнчө гонгдун, рингдин, фонддун; гонгго, рингге, фондго; гонгду, рингди, фондду; гонгдо, рингде, фонддо; гонгдон, рингден, фонддон болуп эле жазылып жүрөт. Мындай болгондо да сөздөр жөнөкөй жөндөлүштүн эрежеси менен жөндөлүп жатат.
Кыргыз тилинде аягы кош үнсүздөр менен бүткөн төл сөздөр да (ант, кант, карт, Көгарт, Торугарт, даңк, калп, салт ж.б.), орус тилинен эмес башка тилдерден кабыл алынган сөздөр да (март, барк, дарт ж.б.) бар. Булардын бардыгы орус тилинен келип кирген гонг, ринг, фонд деген сөздөр сыяктуу эле жөнөкөй жөндөлүштө, башкача айтканда, таандык мүчөлөрү жок сөздөрдөй болуп жөндөлө берет.
А |
кант |
Торугарт |
салт |
И |
канттын |
Торугарттын |
салттын |
Б |
кантка |
1оругартка |
салтка |
Т |
кантты |
Торугартты |
салтты |
Ж |
кантта |
Торугартта |
салтта |
Ч |
канттан |
Торугарттан |
салттан |
Ошентип, кыргыз тили үчүн жөндөлүштүн эки эле тиби бар. Алар: а) жөнөкөй жөндөлүш жана б) таандык жөндөлүш.
1.) Кыргыз тилинин грамматикасы: морфология. -Фрунзе, 1964. -61-73-б.
2.) Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: морфология. -Фрунзе, 1980. -73-
3.) Абдувалиев И., Садыков Т. Азыркы кыргыз тили: морфология. -Бишкек, 1997. -71-б