Табияты боюнча зат атоочтордун бардыгы бирдей болбойт. Алардын бир тобу көз менен көрүүгө же кол менен кармоого мүмкүн болгон заттардын жана кубулуштардын аттарын билдирсе, бир тобу акылга сала баамдап-байкап, оюбузда жана эсибизде гана тута алчу түшүнүктөрдүн аттарын билдирет.
Башкача айтканда, зат атоочтордун бир тобунда материалдуулук бар болсо, экинчи бир тобунда идеялуулук бар. Мына ушундай өзгөчөлүктөрүнөн улам аларды конкреттүү жана абстракттуу заттар деп экиге бөлөбүз.
Конкреттүү заттар деп көз менен көрүп элестетүүгө, кол менен кармап саноого мүмкүн болгон заттарды айтабыз: жеңе, ини, чапан, китеп, коон, улак, козу, жалбырак, тоо, таш, Жамийла, Сыдыкбеков ж.б. Буларды, биринчиден, көз менен көрүп, кадимкидей элестетүүгө, экинчиден, кармалап сезип, кабыл алууга болот, үчүнчүдөн, мындай заттарды бирден терип санай да алабыз.
Конкреттүү заттар сан атоочтор менен айкаша берет. Бул учурда алардагы конкреттүүлүк андан бетер артат: үч бала, он коон, кырк улак, экинчи үй, жетинчи кабат ж.б. Сын атоочтор менен да айкашып келүүгө жөндөмдүү: чоң бала, токойлуу талаа, тору бээ, бийик үй, тондуу киши, сырдаш курбу ж.б.
Абстракттуу заттар деп көрүүгө, элестетүүгө, кармалап сезип туюуга, саноого мүмкүн болбогон заттарды айтабыз. Абстракттуу заттарды биз акыл-эсибизде, баамыбызда, оюбузда гана тутабыз: акыл, кыял, санаа, укук, сүйүнүч, мамиле, жаңылык, дыйканчылык ж.б. Буларды кармалап сезип туюуга, көрүүгө, элестетүүгө мүмкүн эмес. Абстракттуу зат атоочтор сан атооч менен айкаша бербейт. Айрым бир учурларда гана сан атооч менен айкашып айтылып, ал ыкташуу байланышы аркылуу ишке ашат: Эки санаа бир басса, эсиң калабы.
Кээде абстракттуу зат атоочтор конкреттүү зат атоочторго тиешелүү касиетке да ээ болуп калышы ыктымал, мындай учурда абстракттуу заттарда ошол абстракттуулуктун натыйжасы катары кандайдыр предметтүүлүк жаралат. Мисалы: Ошол учурда башыма эки ой келди. Өтүлгөн тема боюнча терең түшүнүк алдык. Көрүнүп тургандай, мындай учурда предметтүүлүк конкреттүү шарт-кырдаалдан улам пайда болот. Жалпы эле ой эмес, бизге белгилүү эки ой келди; жалпы эле түшүнүк эмес, өтүлгөн тема боюнча терең түшүнүк алдык. Демек, кырдаалга ылайык жалпы түшүнүктөр конкреттештирилди.