Правила›Лексикология›Антоним деген эмне
Антоним деген эмне
Орусча котормосу жок / Русского перевода нет
Антоним термини грек тилинин antu — «каршы» жана onuma — «ат» деген сөздөрүнөн алынып, карама-каршы аталыш же каршы маанидеги сөздөр деген түшүнүктү билдирет. Демек, карама-каршы маанини билдирүү же карама-каршы түшүнүктү чагылдыруу антонимдердин эң негизги белгиси болуп саналат: оң-сол, тирүү-өлүү, эрте-кеч, бүгүн-эртең, ысык-суук, жакшы-жаман, жоон-ичке, улуу-кичүү, күндүзү-түнү, жай-кыш, кыйын-оңой ж.б. Антонимдер тутуму боюнча дайыма экиден кем эмес түгөйдөн туруп, маанилик жактан карама-каршы түшүнүктөрдү билдирген сөздөр аркылуу уюшулганына карабастан, ал түгөйлөр өз ара тыгыз байланышта болот. Бири-биринен ажыратып жиберүүгө мүмкүн болбогон мындай тыгыз байланыш антонимдерди уюштуруучу түгөйлөрдүн ортосундагы семантикалык жалпылыкка негизделет. Айталы, жапыз жана бийик бир эле белгинин (бийиктиктин) карама-каршы көрүнүшүн билдирет. Ошондой эле жаш жана кары — жаш өзгөчөлүктү билдирүүчү ченемдин контрасттык белгилери. Албетте, мисалдардагы антонимдер карама-каршы мааниде (жапыз <=> бийик, жаш <=> кары) колдонулгандыгы өзүнөн-өзү көрүнүп турат, бирок ушул эле маалда аларды бириктирип турган семантикалык жалпылык да бар. Мындай жалпылык алардын бир текке таандык түшүнүктү билдиргендигинде жатат, айталы жапыз-бийик бири экинчисине карама-каршы болгон менен, булардын экөө тең эле «бийиктик ченемин», ал эми жаш-кары антонимдеринин экөө тең «жаш өзгөчөлүктү» билдирет. Бул жагынан алганда, антонимдик түгөйлөрдү бири-биринен ажыратып кароого, тагыраак айтканда, жапызды бийиксиз, жашты карысыз же, тескерисинче, бийикти жапызсыз, карыны жашсыз элестетүүгө, алардын маани-мазмунун так ажыратууга мүмкүн эмес. Ал эми сөздөрдүн ортосундагы антонимдик катыштын пайда болушу үчүн алардын өз ара семантикалык жалпылыгынан сырткары, алды менен, алар белгилеген нерселердин, белгилердин, касиет-сапаттардын ж.б. ортосундагы реалдуу карама-каршылыктын болушу талап кылынат. Мунсуз тилде карама-каршы маанидеги сөздөрдүн жаралышы да мүмкүн эмес. Жыйынтыктап айтканда, антонимдердин негизин, б.а. , башкы белгисин бир тектеги түшүнүктү белгилөө (семантикалык жалпылыкта болуу) жана ошол түшүнүктөрдүн бири-бирине карама-каршы болушу түзөт: — Келет! — деди Куйручук алды жактагы бел-белеске карап, — Келет! Өлүмдөн кийин өмүр келет. Ачкачылыктан кийин токчулук келет. Кууралдан кийин жыргал келет. Кейигенде не. Эзил Куйручук өзү айткандай, дүйнөдө жакшы менен жаман, ыпластык менен асылдык тизгиндеш тура. (Т.С.) Мисалдардагы өлүм-өмүр, ачкачылык-токчулук, куурал-жыргал, жакшы-жаман. ыпластык-асылдык деген сыяктуу антонимдер материалдык дүйнөдөгү эмес, коомдогу ар кандай кубулуштардын, касиет-сапаттардын ортосундагы карама-каршылыктар менен тыгыз байланышта болуп, алар бирин экинчиси жокко чыгаруу, тануу менен катар, ошол эле учурда бири экинчисинин колдонулушун, тилде лексикалык бирдик катары жашоосун талап кылуучу. шарттап туруучу бир бүтүндүктөгү семантикалык өзгөчө кубулуштар болуп саналат. Антонимдер тилдин системасындагы бардык лексикалык топтогу сөздөрдү өз кучагына камтый албайт. Тагыраак айтканда, өсүмдүктөрдүн, айбандардын, жандыктардын, канаттуулардын аттарына жана энчилүү аттарга тиешелүү атоолор (сөздөр) антонимдик катышта келбейт. Ошондой эле конкреттүү буюм-тайымдарды, ар кандай ооруларды туюндурган сөздөр, сөз түркүмдөрүнүн ичинен сан атоочтор, тууранды, сырдык сөздөр, маани бербөөчү сөз түркүмдөрү жана ат атоочтордун көпчүлүк лексикалык топтору антонимдик карама-каршы мааниде колдонулбайт. Ал эми тилде антонимдик катышты уюштурууга көбүнчө сын-сыпатка, ар түрдүү абалга, мезгилге, мейкиндик жана абстракттуу түшүнүктөргө байланышкан сөздөр активдүү катышат. Төмөндө алардын айрым бир лексикалык негизги топторуна токтолуп көрөлү: 1. Сын-сыпат, даам. өң-түс, ар түрдүү сапаттык касиеттерди билдирүүчү антонимдик түгөйлөр: жеңил-оор. ачуу-таттуу, жумшак-катуу, калың-жука. кең-тар, коюу-суюк, жоомарт-зыкым, жоон-ичке. оң-терс. одоно-сылык, ысык-суук, ак-кара, жарык-караңгы, ачык-күңүрт, тунук-киргил ж.б. 2. Сандык-өлчөмдүк белгилерди туюндуруучу антонимдик түгөйлөр: аз-көп. бүтүн жарты, жеке-чогуу, баары-бирөө, мол-аз. жыш-сейрек, бөксө-толтура, кем-ашык, жалкы-эгиз, жазы-ичке, тайпак-чуңкур, кош-жалгыз, ири-ушак. максимум-минимум ж.б. 3. Сезим-туйгуну билдирүүчү антонимдик түгөйлөр: кайгы-кубаныч, боорукер-мээримсиз, жалынуу-тилдөө. Жаркылдоо-түнөрүү, толкундануу-чөгүү ж.б. 4. Мезгил маанисиндеги антонимдик түгөйлөр: эрте-кеч, кыш-жай, эртең менен-кечинде, түнкүсүн, мурда-азыр, заар-кеч, мурун-кийин, былтыр-быйыл, бүгүн-эртең ж.б. 5. Мейкиндик, орундук маанидеги антонимдик түгөйлөр: өйдө-ылдый, жогору-төмөн, алыс-жакын, ары-бери, алдыңкы-арткы, түндүк-түштүк, тигил-бул, ич-сырт, иреге-төр, илгери-кийин, түбү-үстү, күңгөй-тескей ж.б. 6. Иш-аракетти жана абалды билдирүүчү антонимдик түгөйлөр: куруу-бузуу, күнөөлөө-актоо, жасоо-тургузуу-талкалоо, оңдоо-бузуу ж.б. Демек, антонимдер лексикалык табиятынын ар түрдүүлүгү, кепте колдонулуш мүнөзүнүн активдүүлүгү, маанилик карама-каршылыгы боюнча башкалардан айырмаланган семантикалык өзгөчө көрүнүш болуп эсептелет.
Источник: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997