КыргызчаРусский

Правила›Лексикология›Фразеологизм деген эмне

Фразеологизм деген эмне

Орусча котормосу жок / Русского перевода нет

Пикир алышуунун, кептин негизги бирдиги катары эсептелген сүйлөмдөр сөздөр жана өз ара бири-бири семантикалык, грамматикалык жактан байланышкан сөз айкаштарынын биримдигинен түзүлүп, тутуму боюнча сөздөргө жана сөз айкаштарына ажырайт. Демек, сөз тилдин эң кичине бирдиги катары сөз айкашынын да, сүйлөмдүн да курулуш материалы катары кызмат аткарат. Сөз аркылуу адамдар өздөрүн курчап турган айлана-чөйрөнү, көрүнүштөрдү, нерселерди, жалпы эле дүйнөнү таанып-билет. Алардын кыймыл-аракеттик, өң-түстүк, ар кандай сапаттык, сандык белгилерин ажыратат. Мисалы, китеп, ак, тоо, кетти, суу, он беш деген сөздөр аркылуу адамдар конкреттүү заттар, кыймыл-аракет, оң-түс жана сандык түшүнүктөргө ээ болушат. Бирок адамдардын өз ара пикир алышуусу үчүн сөздөрдүн жогоркудай атоо мааниси али жетишсиздик кылат. Бул үчүн алды менен сөздөрдүн семантикалык табиятына ылайык өз ара айкашы, бири-бири менен болгон грамматикалык байланышы, алардын айтылып жаткан ой-пикирдин талабына карата ырааттуу тизмеги аркылуу сүйлөм түзүлүп, пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө жетишүүсү талап кылынат. Көпчүлүк учурларда сөздөр сүйлөмдүн тутумунда белгилүү бир лексикалык мааниде колдонулуп, өзүлөрүнүн семантикасына жана грамматикалык маанилерине ылайык башка бир сөздү маанилик жактан аныктап, тактап, конкреттештирип турат. Мисалы, таттуу нан, алманы жедим, ойноок бала, беш кой, жакшы сүзүү, столго коюу ж.б. Бул сөз айкаштарындагы ар бир сөз өзүнүн белгилүү лексикалык маанилеринде колдонулуп, заттын сандык, сапаттык белгилерин, кыймыл-аракеттин абалын билдирип турат. Конкреттүү алганда, алма жедим деген сөз айкашындагы жедим сөзү аркылуу кандайдыр бир даамды, тамакты жеп бүткөндөгү кыймыл-аракеттик мааниси билдирилсе, алма деген зат атооч алма багынын түшүмү маанисинде колдонулган. Ал эми жогорку сөздөр башка сөз айкаштарынын тутумунда да ушул эле маанилерин сактоо менен колдонулат: картошка жедим, каша жедим, эт жедим же таттуу алма, ширелүү алма, кызыл алма, ак алма ж.б. Ошондой эле столго коюу деген сөз айкашындагы этиш сөз коюу жана зат атооч столго деген сөздөрдүн ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон лексикалык бирдиктер катары колдонулду, б.а. , коюу — бир нерсени кандайдыр абалда (тикесинен, капталынан же жаткызган абалда) жайгаштыруу, стол — жазууга же тамак ичүүгө ылайыкташтырылган жыгачтан жасалган буюм. Ушул эле сөздөрдү башка сөз айкаштарынын тутумунан да кезиктирүүгө болот: полкага коюу, полго коюу, жерге коюу же столго чыгуу, столго төшөө, столго жазуу, столго тамактануу ж.б.

Демек, жогоруда келтирилген сөз айкаштарынын маанилери алардын түгөйлөрүнүн семантикасына негизделген, б.а. , ар бир сөз айкашынын мааниси аларды түзүп турган компоненттеринин маанилеринин суммасы аркылуу аныкталат. Ошентип, мындай сөз айкаштарынын тутумундагы сөздөрдүн маанилик өз алдынчалыгы жана башка сөздөр менен эркин айкашуу мүнөзү аларды эркин сөз айкашы катары кароого негиз түзөт. Ал эми колу ачык, таш боор, кабак-каштын ортосунда. Чачым тик турду, колтугуна суу бүрктү, кара кылды как жарган. Ак каптал ж.б. деген сыяктуу сөз айкаштары сырткы түзүлүшү (компоненттүүлүгү). компоненттеринин өз ара грамматикалык жактан байланышуу мүнөздөрү боюнча катуу таш, кенен жол, баланы эркелетүү, көп окуган адам деген мүнөздөгү эркин сөз айкаштарынан айырмаланбайт. Бирок алар (фразеологиялык сөз айкаштары) аркылуу берилген маани эркин сөз айкаштарынын маанисинен кескин айырмалуу. Анткени мындай сөз тизмектеринин (колу ачык, боору таш) компоненттери өз алдынча лексикалык мааниге ээ эмес. Ошондуктан алардын маанилери ошол сөз тизмегин түзүп турган өздөрүнүн компоненттеринин маанилеринин суммасына эмес, бүтүндөй сөз айкашы бир гана лексикалык маанинин бүтүндүгүнө негизделген болот. Айталы, колу ачык — «март. берешен»; таш боор — «кайрымсыз, боорукер эмес»; каш-кабактын ортосунда — «күтүүсүз, капилеттен»; чачы тик туруу — «коркуу, аябай коркуу»; кара кылды как жарган — «калыс»; ак каптал — «жалкоо». Ал эми мындай сөз айкаштарынын семантикалык бүтүндүгүнө байланыштуу алардын тутумдук компоненттери дайыма туруктуу мүнөзгө ээ болуп турат, б.а. , эркин сөз айкашындай алардын компоненттерин башка сөздөр менен алмаштырууга мүмкүн эмес. Эгер алмаштырылса, анда бирдиктүү семантикалык бүтүндүк (фразеологиялык маани) бузулат же башка маанини билдирип калышы мүмкүн. Демек, составдык компоненттеринин туруктуулугуна, алардын лексикалык өз алдынча мааниге ээ эместигине жана семантикалык бир бүтүндүгүнө карата мындай сөз айкаштарын туруктуу сөз айкаштары, фразеологизмдер же фразеологиялык сөз айкаштары деп атоого болот. Аларды окутуп-үйрөтүүчү тил илиминин бир салаасы фразеология деп аталат. Бул термин грек тилиндеги prasis — «туюнтма, сөз» жана logos — «түшүнүк, окуу, илим» деген сөздөрүнөн алынган. Азыркы тил илиминде фразеология белгилүү бир тилдеги өзгөчө туюнтмаларды — фразеологизмдерди — изилдейт жана окутуп-үйрөтөт. Демек, фразеологиянын объектиси — фразеологиялык же туруктуу сөз тизмектери. Фразеология тил илиминин өзүнчө бир тармагы катары анын объектиси болгон фразеологиялык сөз тизмектерин окуп-үйрөнүүдө жана теориялык жактан ар тараптан иликтөөдө ага түздөн- түз тиешелүү болгон төмөнкүдөй бир катар милдеттер коюлат: — фразеологизмдерди тилдин өзгөчө түзүлүштөгү маанилик бирдиги катары карап, аларга мүнөздүү болгон белгилерди ачып көрсөтүү; — фразеологизмдерди маанилик бүтүндүгүнө карата топторго ажыратуу (классификациялоо); — фразеологизмдердин тилдин башка бирдиктер (сөз, эркин сөз айкашы, татаал сөздөр, составдык терминдер) менен болгон карым-катнашын аныктоо; — фразеологизмдерди структуралык мүнөзүнө карата (лексикалык, грамматикалык) ар кандай топторго ажыратуу: — фразеологизмдердин колдонулуш өзгөчөлүктөрүн, тилдеги аткарган функциясын белгилөө ж.б.

Источник: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997