Правила›Морфология›Отглагольное существительное›Кыймыл атоочтордун атоочтук белгилери
Кыймыл атоочтордун атоочтук белгилери
Орусча котормосу жок / Русского перевода нет
1). Кыймыл-аракет маанисин эмес атооч маанисин билдирет. Мисалы: Жетимиш-сексен уй сааш оңойбу? (М.Элебаев) Бир карашың белги берип бакыттан, бир карашың жабат күндүн түндүгүн... (К.Сабыров)
2). Зат атоочтун категориялары менен өзгөрүүгө да жөндөмдүү.
Таандык болуп өзгөрөт
|
| Жекелик сан | Көптүк сан |
| 1 | жазуум, өрмөгүм | жазуубуз, өрмөгүбүз |
| 2 | жазууң, өрмөгүң жазууңар, өрмөгүңөр | жазууңуз, өрмегүңүз жазууңуздар, өрмөгүңүздөр |
| 3 | жазуусу, өрмөгү | жазуусу, өрмөгү |
Жалпы таандыкта да жазуунуку, тааныштыкы, чертмектики, жүрүш-туруштуку ж.б. болуп зат атоочтордой эле өзгөрө берет.
Жөндөлөт
| А | суроо | чыгыш | чертмек |
| И | суроонун | чыгыштын | чертмектин |
| Б | суроого | чыгышка | чертмекке |
| Т | суроону | чыгышты | чертмекти |
| Ж | суроодо | чыгышта | чертмекте |
| Ч | суроодон | чыгыштан | чертмектен |
- Сүйлөмдө негизинен ээ менен толуктоочтук милдеттерди аткарат. Мисалы: Ээрде олтурушу кыт куйгандай бекем. (Т.Сыдыкбеков) Ээнин (олтурушу) милдетин аткарды. Төгүлүүңдү баса албайт күн аптабы. (К.Сариева).Толукточтун (төгүлүүңдү) милдетин аткарды.
Источник: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Кыймыл атоочтордун атоочтук белгилери