КыргызчаРусский

Правила›Морфология›Сөздүн тутуму›Морфема деген эмне

Морфема деген эмне

Орусча котормосу жок / Русского перевода нет

Сөздөрдүн материалдык жактан бир же бир нече бөлүктөргө бөлүнүшү же бөлүнбөй калышы тилдин ар түрдүү баскычтарында ар түрдүү максатта, ар башка планда жүргүзүлөт. Синтаксисте сөздөр өз ичинен майда бөлүктөргө ажыратылбайт. Ал эми фонетика менен морфологияда сөздөрдүн эң кичине бөлүктөргө бөлүнүшү толук мүмкүн. Бирок алардын табияты бири-биринен айырмаланып турат. Тыбыш (фонема), морфема деген түшүнүктөр жана терминдер ошол өзгөчөлүктөргө байланыштуу.

Морфема жөнүндөгү түшүнүк жана ушул терминдин өзү да орус элинин көрүнүктүү тилчилеринин бири И. А. Бодуэн де Куртенэ тарабынан сунуш кылынган. Бул окумуштуу сүйлөмдөрдүн маанилүү сөздөргө, сөздөрдүн морфологиялык муундарга же морфемаларга, морфемалардын фонемаларына бөлүнөрүн белгилеген. Мына ушул пикирлерден морфеманын төмөнкүдөй белгилерин байкоого болот:

1) Морфема — сөздүн бөлүгү. Ушул белги аркылуу морфема (бир нече морфемадан турган) сөздөн айырмаланат. Мисалы, билимди элден изде, алтынды жерден изде деген макалда алты сөз бар. Мындан билимди үч морфемадан (бил-имди), калгандарынын ар бири эки морфемадан (эл-ден, из-де, алтын-ды, жерден) түзүлгөн. Морфема сөзгө дал келип калышы да мүмкүн. Бул учурда андай сөз өз ичинен маанилүү бөлүктөргө бөлүнбөйт: пальто, стол ж. б.

2) Морфема — сөздүн ар кандай бөлүгү эмес, өзүнчө мааниси жана өзүнчө формасы бар бөлүгү. Мына ушул белги аркылуу ал фонемадан айырмаланат, анткени фонема өзүнчө мазмунга ээ эмес. Демек, морфема — кош пландуу, фонема — бир пландуу бирдик. Мисалы, китептерди деген сөздө 10 фонема (к, и, т, е, и, т, е, р, д, и), үч морфема (китеп — заттын атын билгизген бөлүк, -тер көптүк маанини билгизген бөлүк, дитике объектини билгизген бөлүк) бар.

3) Морфема — сөздүн морфологиялык түзүлүшүндөгү эң кичине (өзүнчө мааниси жана формасы бар бөлүккө дагы бөлүштүрүүгө мүмкүн болбогон) бөлүк. Ушул белги морфеманы туунду негизден, кээде жасалышына карай бөлүнүштөн өзгөчөлөп турат. Мисалы, дыйканчылык деген сөздө морфологиялык жактан д ы й к а н - ч ы - л ы к деген 3 морфема, жасалышы жактан дыйкан-чылык деген эки бөлүк бар. Бул сөздүн туунду негизи – д ы й к а н ч ы л ы к.

Эскертүү. Тил илиминин тарыхында туунду негизги да морфема катары эсептеген пикирлер болгон. Бирок аны кубаттоого болбойт, себеби туунду негиз эң кеминде эки морфемадан түзүлөт. Морфема ушул белги аркылуу фонемадан да айырмаланат; морфологиялык фонема — фонологиялык эң кичине бирдик. Мына ошондуктан морфеманын тыбыштык түзүлүшү жактан төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдүн бирине дал келе берет:

1) бир тыбышка: ы р – да - т, к е л – е - м, о о-д а р, а-н ы;

2) бир нече тыбышка: и ш - т е, ж а з - д ы р, ы р ы с - т у у л у к;

3) бир муунга: а л - б а, ж е т - к и р, к ө л - ч ү к, к е с - к и ч;

4) бир нече муунга: т а а л а й - л у у, к ы з м а т - ч ы, д ы й - к а н - ч ы - л ы к.

Жогорку фактылардан кээ бир морфемалардын муунга дал келбей калгандыгын да байкайбыз: ыр-да-т сөзүндөгү -т, кел-е-м сөзүндөгү -е, -м; ы р ы с т у у л у к, т а а л а й - л у у, к ы з м а т - ч ы сөздөрүндөгү алгачкы морфемалар.

Морфеманын мааниси жана формасы ар түрдүү карым-катышта болгондуктан, аларды тактап изилдөө максатында тил илиминде дагы эки термин келип чыкты. Анын бири — морф же морфа (америкалык тилчи Ч. Хоккет тарабынан сунуш кылынган), экинчиси — сема (чех тилчиси В. Скаличка тарабынан сунуш этилген).

Морфеманын конкреттүү фонетикалык варианты морф же морфа деп аталат. Мисалы, орус тилиндеги раз-префиксинин [рлз], [рлс], [ръз], [рьс], [роз], [раз] жана [рас] деген морфалары бар: р а з б е г, р а с х о д, р а з б и в а т ь, р а с п и с а -н и е, р о з ы с к, р о с п и с ь, р а з в и т о с т ь, р а з у м, р а с п р я (В. И. Кодухов). Кыргыз тилинде илик жөндөме төмөнкүдөй морфаларга ээ: -нын, -нин, -нун, -нүн, -дын, дин, -дун, -дүн, -тын, -тин, -тун, -түн, -(д)ын, -(д)ин, -(д)ун, -(д)үн.

Морфеманын эн, кичине семантикалык бирдиги сема деп аталат. Мисалы, супруга сөзүндөгү -а 1) женский родду, 2) атооч жөндөмөнү, 3) жекелик санды билгизет. Демек, ал үч семага ээ. Иштеймин сөзүндөгү -мин 1) 1-жакты, 2) жекелик санды туюндурат. Демек, бул мүчөнүн эки семасы бар.

Демек, морфема морфалар менен семаларды бир бүтүндүккө бириктирүүчү касиетке ээ .

Источник: «Тил илимине киришүү», 1980