КыргызчаРусский

Правила›Морфология›Имя существительное›Морфологиялык жол менен жасалышы

Морфологиялык жол менен жасалышы

Орусча котормосу жок / Русского перевода нет

Куранды мүчөлөр аркылуу уюшулган зат атоочтор морфологиялык жол менен жасалган зат атоочтор болушат. Зат атоочту жасоочу курандыларды атооч сөздөрдөн зат атооч жасоочу жана этиш сөздөрдөн зат атооч жасоочу курандылар деп шартту түрдө экиге бөлүп көрсөтөбүз. Куранды мүчөлөрдүн сөз жасоо мүмкүнчүлүгүнө жараша аларды өнүмдүү, аз өнүмдүү, өнүмсүз курандылар деп бөлүштүрөбүз. Анткени, кайсы бир курандылар көп сөздөрдү жасоого жөндөмдүү болсо, башка бирөөлөрү азыраак эле сөздөрдү жасайт. Ал эми дагы башка мүчөлөр өтө эле аз сөздөрдү жасайт, же азыркы учурда сөз жасай албай калган.

Источник: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Морфологиялык жол менен жасалышы