КыргызчаРусский

Правила›Лексикология›Оксюморон деген эмне

Оксюморон деген эмне

Орусча котормосу жок / Русского перевода нет

Оксюморон 19 — өздөрүнүн каршы мааниде колдонулуш табияты, семантика-структуралык мүнөзү боюнча айырмаланган антонимдердин өзгөчө бир түрү. Буларды антонимдердин негизинде пайда болгон стилдик фигура, көркөм ыкма катары да караса болот. Оксюморон антонимдердин (кеңири алганда, карама-каршы маанидеги сөздөрдүн) айкашынан, биригишинен пайда болот, б.а. , мында бирикпегендер биригип, сыйышпагандар сыйышышат: далилсиз далил; эскинин жаңысы; тилдүү дудук: арбын туруп аз болуу; аз да, көп да ж.б. Оксюморонго мүнөздүү лингвистикалык белгилерди, б.а. , алардын пайда болушун, маанисин, таралыш мүнөзүн, жасалышын, сырткы түзүлүшүн аныктоо үчүн аны нагыз антонимдер менен салыштырып кароо абзел.

Источник: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997