Правила›Морфология›Части речи›Сөз түркүмдөрү: маанилик (семантикалык) принцип
Сөз түркүмдөрү: маанилик (семантикалык) принцип
Орусча котормосу жок / Русского перевода нет
- Маанилик (семантикалык) принцип. Сөздөрдү түркүмдөргө бөлүштүрүүнүн өтө байыркы жана эң негизги принциби болгон бул принцип кыргыз тилиндеги сөздөрдү сөз түркүмдөргө бөлүштүрүүдө да башкы ролду ойнойт. Сөздөрдү жалпы категориялык грамматикалык маанилери боюнча топтоштуруу бул принциптин негизги мазмунун түзөт. Анткени жалпы категориялык маанилер сөздөрдүн лексикалык маанилерин абстракциялап, жалпылаштырып, аларды ошол категориялык маанилик окшоштук белгилери боюнча топтоштурат. Мисалы, жалпы категориялык заттык маани ар кандай нерселердин, жаныбарлардын, кишилердин, жер-суу обөектилеринин, асман телолорунун, буюмдардын, абстракттуу түшүнүктөрдун аттарын жалпылаштырып, аларды өзүнчө бир түркүмгө бириктирет. Ошентип, киши, жылкы, орок, жол, дарыя, казан, бакыт ж.б. сөздөрдүн чоң тобу лексикалык маанилери боюнча өз ара бири-биринен айырмаланарына карабастан зат атооч деген түркүмгө кирет. Анткени булардын бардыгы заттык маанини, заттын атын билдирет.
Ал эми жалпы категориялык кыймыл-аракет маанилери башка бир сөздөр тобун кыймылдоо, аракеттенүү, кандайдыр абалда болуу жана ар түрдүү кыймылдык процесстерди жалпылаштырып билдирип тургандыктары боюнча аларды өзүнчө башка бир түркүмгө, этиш деген түркүмгө бириктирип турат.
Источник: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008
Основное правило: Части речи