Правила›Синтаксис›Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне›Баяндооч деген эмне
Баяндооч деген эмне
Орусча котормосу жок / Русского перевода нет
Сүйлөм тутумунда грамматикалык жактан ээге багынып, анын ким, эмне экендигин, кыймыл-аракетин, мүнөзүн, абалын, сынын, сыпатын, сан-иретин билдирген баш мүчө баяндооч деп аталат. Мисалы: 1958-жылы Жетиөгүз корук участогу уюштурулган. Анын максаты асыл тукум жылкыларды көбөйтүү. Адам өлөт, искусство эч качан өлбөйт.
Баяндооч да грамматикалык түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана тутумдаш болот. Баяндоочтун милдетин аткарган сөз жөнөкөй сөз болсо да, татаал сөз болсо да сүйлөм тутумунда синтаксистин бир гана милдети, тактап айтканда, баяндоочтук милдетти аткарат. Мына ошол синтаксистик милдеттерине ылайык алар жөнөкөй түзүлүштөгү баяндоочтор болуп эсептелет. Мисалы: Бирөө сени жамандап жатса, аны менен айтышпа. Акылы болсо өзү түшүнүп, акыры кечирим сурайт. (Насаат.) Кыргызсңандын керемет жери – Ысыккөл. Жакшы байкап сүйлөөр, жаман чайкап сүйлөөр. (Макал.) Сабырсыздын иши тамырсыз. Кулак – экөө, ооз – бирөө, көбүрөөк угуп, аз сүйлө. (Макал.)
Ал эми толук маанилүү ар башка сөздөр менен кызматчы сөздөрдүн ажырагыс тизмектери жана туруктуу сөз айкаштары баяндоочтун милдетин аткарса, тутумдаш түзүлүштөгү баяндооч болуп эсептелет. Мисалы: Сылаганда жапалак шумкар болбос, мактаганда жабагы тулпар болбос. (Макал.) Кемчилигиңди айткан адамды жаман көрбө. Ал сенин бетиңе жуккан көөнү көрсөткөн күзгү болот. (Насаат.) Бардыгы негиздүү боло турган. (Ч.Айтматов.) Учкан мезгил учкан сайын закымдап, эми кошо канат күүлөйт катуулап. (Б.Сарногоев.) Жан-жаныбарлардын шайын оодарган мезгил – узун сары. (К.Жусупов.) Сенин досуң – ак жүрөк, жылдызы ысык, колу ачык, кыскасы, эң мыкты.
Баяндооч – сүйлөмдүн баш мүчөсү, ээ менен байланышып, анын кыймыл-аракетин, ал-абалын, кимдигин, кандайлыгын, канчалыгын билдирет. Эмне кылды? эмне кылып жатат? ким? эмне? кандай? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Дарактын жалбырактары дирилдеди. Ысыккөл кышында жылуу. Жалбырактары эмне болду? – дирилдеди – баяндооч, заттын кыймыл-аракетин билдирди. Ысыккөл кандай? – жылуу – баяндооч, заттын ал-абалын көрсөттү.
Баяндоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:
Зат атооч: Атамдын бир тууганы – Табылды.
Сан атооч: Кыздын жашы он жетиде.
Сын атооч: Тяншанң кышта жылуу, жайда салкын. (М.А.)
Ат атооч: Кыздардын жоодураган көздөрү – ошол мен, наристенин ыңаалап ыйлаганы – ошол мен.
Этиш: Өзүңдү өзүң мактаба.
Тактооч: Биздин кашар дагы жогору. Жогоруда эскертилгендей, баяндоо сүйлөм ээсине грамматикалык жактан баш ийген, ошону менен бирге анын ар түрдүү белгилерин – ар түрдүү маанидеги кыймыл-аракетин, мүнөзүн, тулкусун, даамын, көлөмүн, иретин, болжолун, ким, эмне экендигин, тегин, материалын билдирген баш мүчө болуп, ээге предикаттык катышта колдонулат. Ушул эле сыяктуу ээнин ар кандай маанидеги белгилерин тутумдаш түзүлүштөгү баяндоочтор да билдирет. Грамматикалык түзүлүшү боюнча баяндооч жөнөкөй жана тутумдаш болот. Жөнөкөй баяндооч бир гана сөздөн, тутумдаш баяндооч бир нече сөздөн түзүлөт: Мен кийинки күнү тоого бардым. Туут башталган мезгил. Баяндоочтор: бардым (жөнөкөй), башталган мезгил (тутумдаш). Тутумдаш баяндооч төмөнкүдөй сөздөрдүн тизмегинен түзүлөт:
а) маани берүүчү сөздөрдөн: Биз мамлекетке кызмат кылабыз.
б) маани берүүчү жана кызматчы сөздөн: Бала баатыр сен элең.
в) туруктуу сөз тизмегинен (фразеология): Келиндин сөзү ташка тамга баскандай.
Баяндоочтун милдетин кайсы сөз түркүмү аткаргандыгына байланыштуу этиштик жана атоочтук баяндооч болуп бөлүнөт.
Сүйлөмдө баяндооч этиш сөздөрдөн болсо этиштик баяндооч деп аталат. Мисалы: Таяктан жаңылган турат, тилден жаңылган турбайт. (Макал)
Сүйлөмдө баяндооч, атооч сөздөрдөн (зат атооч, сын атооч, ат атооч ж.б.) болсо, атоочтук баяндооч деп аталат. Мисалы: Кыргызстан – тоолуу өлкө. Өнөр алды – кызыл тил.
Ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкчанын коюлушу.
Ээ менен баяндоочтун ортосуна төмөнкү учурларда сызыкча коюлат:
а) Ээ да, баяндооч да зат атооч же сан атоочтон болсо: Канымгүл – арыкчырай сулуу келин. Төрт жерде төрт – он алты.
б) Ээ зат атоочтон, баяндооч кыймыл атоочтон же тескерисинче болсо: Данияр менен Жамийланын милдети – эгинди станцияга жеткирүү. (Ч.А.) Жаш жигиттин ийилгени – сынганы.
в) Баяндооч заттык маанидеги сын атоочтон болсо: Тон жакшысы – жылуусу. Анын жоолугу – кызылы. Мындай учурларда баш мүчөлөрдүн ортосунда бир аз тыным болот.
Төмөнкү учурларда баш мүчөлөрдүн ортосунда бир аз тыным болот да, сызыкча коюлбайт.
а) Зат атоочтон же заттык маанидеги башка атоочтордон болгон баяндоочко кызматчы сөз айкашып айтылса, же аларга жак, суроо мүчөлөрү уланып турса: Сен билимдүү адамсың. Ырыспай кыргыздан чыккан мыкты обончу эле.
б) Ээ зат атоочтон болуп, сан атоочтон болгон баяндооч анын конкреттүү санын көрсөтсө: Катышып жаткандар он беш.
Источник: «Азыркы кыргыз тили. Синтаксис», 2010
Основное правило: Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне