Правила›Синтаксис›Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне›Толуктооч деген эмне
Толуктооч деген эмне
Орусча котормосу жок / Русского перевода нет
Толуктооч кыймыл-аракеттин эмнеге багытталгандыгын көрсөткөн заттын атын билдирет. Демек, ал кыймыл-аракеттин маанисин толуктап турат жана баяндоочтун тобуна таандык болуп саналат. Мисалы: Бүрөөнү жамандап келген адамды үйүңө жакын жолотпо. Бакыт адамдын сапатын өзгөртпөйт, аны дааналап көрсөтөт.
Мында адамды, сапатын, аны деген толуктоочтор заттын атын билдирүү менен, жолотпо, өзгөртпөйт, көрсөтөт деген баяндоочтордун (кыймыл-аракеттин) маанисин толуктап көрсөттү.
Толуктооч – барыш, табыш, жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрдүн биринде турат да, өзүнө багындыруучу түгөйү менен башкаруу жолу аркылуу байланышат. Демек, мында байланыштыруунун негизги каражаты – жөндөмө мүчөлөр. Бирок кээде алар өз ара жандоочтор аркылуу да байланышат. Мисалы: Жакы сөзү менен сооротот, жаман токмогу менен ыйлатат. Толуктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:
Зат атооч: Карыларда касиет бар.
Ат атооч: Бизде биримдик, ынтымак бар.
Сын атооч: Сулууга мерездиктин кереги жок.
Сан атооч: Экөөнү куттукташты.
Атоочтук: Алтайдан келгендерге урмат-сый көрсөтүштү.
Кыймыл атооч: Барууга шарт жок.
Грамматикалык түзүлүшү боюнча толуктооч жөнөкөй жана тутумдаш болот. Жөнөкөй толуктооч бир сөздөн, тутумдаш толуктооч бир нече сөздүн тизмегинен түзүлөт. Мисалы: Башкаларга карабады. Көзү өтүп кеткендерге куран окулду. Мында башкаларга – жөнөкөй толуктооч, көзү өтүп кеткендерге – тутумдаш толуктооч.
Источник: «Азыркы кыргыз тили. Синтаксис», 2010
Основное правило: Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне