КыргызчаРусский

Правила›Морфология›Служебные части речи›Ырастагыч бөлүкчөлөр

Ырастагыч бөлүкчөлөр

Орусча котормосу жок / Русского перевода нет

Ырастагыч бөлүкчөлөр айкашып келген сөздөрдөгү же өздөрү катышып турган сүйлөмдөрдөгү айтылган ойдун, маанинин, фактынын туура же туура эместигин, сүйлөөчүнүн ага макул же макул эмес экендигин билдирген маанилерди берет. Буга да, ооба деген бөлүкчөлөр кирет.

Мисалы: Каалаган жагыңарга каалаганча узак убакыт кете берсеңер болот да. (Ч.Айтматов) Ооба, сенин айткандарың туура экен.

Контекстке жараша кээде  башка топтогу бөлүкчөлөр да ырастоо маанисин билдире бериши мүмкүн: Кантсе да уучун гүлгө толтурар бир ою бар го. (Т.Сыдыкбеков).

Источник: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008