Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›I. Тыбыш, тамга жана алфавит›1-§. Кыргыз адабий тилиндеги тыбыштар
1-§. Кыргыз адабий тилиндеги тыбыштар
- Кыргыз адабий тилинде 39 тыбыш бар: он төрт үндүү, жыйырма беш үнсүз.
Үндүүлөрдүн сегизи – кыска: а, э, о, ө, ы, и, у, ү; алтоо – созулма: аа, ээ, оо, өө, уу, үү; жетөө - жоон: а, аа, о, оо, ы, у, уу; жетөө – ичке: э, ээ, ө, өө, и, ү, үү.
Үнсүздөрдүн алтоо – уяң: м, н, ң, р, й, л; сегизи – жумшак: б, в, д, ж, ж, з, г, г; он бири – каткалаң: п, ф, с, ш, щ, ч, х, к, к, т, ц.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 1-§